Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов Бишкек ШИИБ УКЖда Курсан Асанов жана Максат Касенов менен жолугушту

06/10/2021 - 15:19

Бүгүн 2021-жылы 6-октябрда  КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Бишкек ШИИБ УКЖга барды. Ал жерде кармалгандар Курсан Асанов жана Максат Касенов менен жолугушту.

Акыйкатчы менен сүйлөшүү учурунда Курсан Асанов, ал өзү жана анын адвокаты  башка шектелүүчү А.Сарыбаев менен сүйлөшүүнүн,  тергөөнүн алдында буга чейин ММКда жарыяланган жана тергөөдө негизги далил катары колдонулуп жаткан  бийликти күч менен басып алуу тууралуу делген аудио жазууга   Россияда жана Казакстанда жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусу алынды. “Экспертиза көрсөткөндөй, бул аудио жазуу алты жеринен монтаждалганын көрсөттү, анда ар кайсы учурда, ар кайсы жерлердеги, ар кайсы сүйлөшүүлөр монтаждалганы белгилүү болду”.

Ага укук коргоо органдары тарабынан коюлуп жаткан күнөөлөр боюнча, Курсан Асанов КР ИИМ имаратын басып албаганын, 2020-жылдын 6-октябрында ал ИИМ имаратына башка адамдар, мурдагы ИИМ министри жана башка адамдар барышкандан жарым саат өткөндөн кийин барганын белгиледи. Ал ошондой эле ИИМ министри кызматына  КР Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Ө.Суваналиевден буйрук алгандан кийин киришкенин белгиледи. “Болгондо да мени ИИМ жамаатына расмий тааныштыруудан кийин ИИМ министри кызматына киришкенмин”-деп айтты Курсан Асанов. Ал өз сөзүн тастыктоо үчүн Коопсуздук Кеңешинин аны министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындоо тууралуу 2020-жылдын  6-октябрындагы каттын көчүрмөсүн көрсөттү.

Акыйкатчы менен сүйлөшүүдө жарандык активист Максат Касенов  маалымдагандай, ал мындан төрт жыл мурда орун алган окуя боюнча кармалган.  “Кылмыш иши тараптардын жарашуусунан улам кыскартылган болчу, ушул учурга чейин эч ким арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган эмес. Эмне себептен төрт жыл мурдагы ишти кайра козгоп жатышканы түшүнүксүз”. Мүмкүн бул анын  саясий ишмердиги жана  КР ЖК шайлоосуна катышууниетинен улам болушу мүмкүн деп эсептейт Максат  Касенов.

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Бишкек ШИИБ УКЖга бүгүнкү баруусу боюнча адам укуктарын бузууга жол койбоо үчүн тиешелүү  чараларды көрүү үчүн  каттарды КР Башкы Прокуратурасына, КР Жогорку сотуна, УКМКга жана ИИМге  жолдоду.