Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов балдары Россияга депортацияланууга жаткан Хачатурянды колдоого алды
КР Акыйкатчысына (Омбудсменине) КР жараны А.Хачатурян кайрылып, аялы М.Хачатурян жана алардын жашы жетпеген балдарына Кыргыз Республикасына кирүүгө көмөк көрсөтүүнү суранып кайрылган.
Жаран А. Хачатурян маалымдагандай, 2020-жылдын 13-мартында анын жубайы М.Хачатурян жана анын жашы жетпеген эки баласы Россия Федерациясынын Челябинск шаарына авиакаттам менен учуп кетишкен, анткени анын уулу 2013-жылдан бери жүрөк-кан тамыр хирургиясы федералдык борборунда эсепте тургандыктан, кезектеги текшерүүдөн өтүү үчүн кеткен эле.
2020-жылдын 28-апрелинде “Манас” эл аралык аяэропортуна Екатеринбург шаарынан чартердик рейс Мекенибизге кайткан жарандар менен келип конгон. Алардын катарында Россия Федерациясынын жараны болгон жашы жете элек эки баласы менен жүргүнчү биздин жаран М. Хачатурян да бар эле. Балдар Кыргызстанда төрөлүшкөн, аларда Кыргызстандан алынган туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү да бар эле.
Кыргызстанга келээри менен ыйгарым укуктуу кызматкерлер (арыз ээсинин сөзү боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан) алардын өлкөгө кирүүсүнөн баш тартылган. Андан кийин энесине өлкөгө кирүүгө уруксат берилип, балдарын депортациялоо чечими кабыл алынган.
КР Акыйкатчы Институту, мында аталган мамлекеттик органдар жана алардын өкүлдөрүнүн аракетинин натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары, алып айтканда улуттук мыйзамдарда жана Балдар укуктары жөнүндө эл аралык конвенцияда каралган укуктары бузулууга жол коюлган эле.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимде белгиленгенден башка учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат.
КР Балдар жөнүндө кодексинин 7-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Ар бир бала үй-бүлөдө жашоого жана тарбияланууга укуктуу. Үй-бүлөдө тарбиялоо артыкчылыктуу жана баланын таламдарына ылайыктуу деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана токтотулушу мүмкүн.
Ошондой эле Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган Балдар укуктары жөнүндө эл аралык конвенциянын 8,9 -беренелерине ылайык, Конвенцияга катышуучу-мамлекеттер баланын укуктарын урматтоого, өзүнчө индивидуалдуулугун, жарандыгын, ысымын, үй-бүлөлүк байланышын, мыйзамда каралгандай сактоого, мыйзамсыз кийлигишпөө каралган. Катышуучу-мамлекеттер бала өз ата-энесинен алардын эркине каршы ажыратылбоого тийиштиги жазылган. Баланы ата-энеден ажыратуу үчүн эгер баланын эң жогорку кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон шартта гана соттун чечими аркылуу мыйзамда каралган жол-жоболор аркылуу гана ата-энесинен ажыратылышы мүмкүн.
Мындан тышкары, КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы №84-р буйругуна ылайык, Кыргызстандын бардык мамлекеттик чек ара пункттары аркылуу Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун кирүүсүнө убактылуу чектөө коюлган эле.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө КР Мыйзамынын 8-бернесинин 6,8-пункттарын жана 12-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, КР Акыйкатчысы жогоруда аталган жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө уруксат берүү маселесин чечүүнү суранып, КР Өкмөтүнө, Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдынжетекчилигине жана КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына кайрылды.
Бул маселе КР Акыйкатчысынын көзөмөлүндө.