Кыргызстандык адам укуктары боюнча юрист Азизбек Ашуров (Azizbek Ashurov) Нансен сыйлыгынын (Nansen Refugee Award) лауреаты болду
Кыргыз Республикасына жарансыздык боюнча бардык белгилүү иштерди чече алган дүйнөдөгү биринчи өлкө болууга жардам берген юристтин иши, жарандыгы жок адамдарга жардам көрсөтүү боюнча 2019- жылкы Нансен сыйлыгына татыктуу болду.
Азизбек Ашуров жана "Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери" (ФӨЧАЮ) уюму Советтер Союзу кулагандан кийин жарандыгы жок калган 10 000ден ашуун адамга, кыргыз жарандыгын алууга жардам берген. Алардын ичине, эми билим алуу жана келечекте эркин орун которуу, үй-бүлө куруу жана расмий иштөө укуктарына ээ болгон, 2 000ге жакын бала да кирет.
Жарансыздык дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдын кызыкчылыктарын козгоп, аларды негизги укуктар менен кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратат. Жарансыздык аларды саясий жана экономикалык жактан бөлүп, дискриминацияга, эксплуатацияга жана ырайымсыз мамилеге дуушар кылат.
«Азизбек Ашуровдун тарыхы – бул туруктуулук менен чечкиндүүлүктүн тарыхы», - деп айтты Качкындар боюнча БУУнун Жогорку комиссары Филиппо Гранди. - Анын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана башка өнөктөштөр менен биргеликте, Кыргызстанда жарансыздыкты жоюу боюнча жумушка берилгендиги бир адам өз айланасындагы адамдарды жалпы ишке шыктандыра жана кызыктыра алуусунун жаркын мисалы болуп саналат».
«Жарансыздыкты жоюу Кыргыз Республикасы үчүн приоритеттүү маселелердин бири болуп калды, ошондуктан Өкмөт тарабынан көп жумуштар аткарылды. Жарандык саламаттык сактоо жана билим алуу сыяктуу социалдык-экономикалык укуктарды ишке ашыруу менен тыгыз байланышта. Жарансыздык келечекте зарыл документтерди ала албай, анын айынан негизги кызматтарга жете албай калуу сыяктуу кыйынчылыктарга алып келээрин түшүнүп, Кыргыз Республикасы жетилген натыйжаларга токтобой, жарансыздыктын жаңы учурларынын алдын алуу боюнча иштерди улантууда», - деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Сейитбековна Өмүрбекова.
Ички чек аралар жок болгон Советтер Союзунда адамдар ички документтер менен эле бир Борбордук Азия республикасынан башкасына эркин көчүп, каттоого туруп жана турмуш кура алышкан. 1991-жылы СССР кулап жаңы мамлекеттер пайда болгондон кийин, көп адамдар кыйын абалда калган – алар көп учурда жаңы белгиленген чек аралардан Советтер Союзунун жараксыз паспорттору менен өтүүдө же болбосо кайсы жерде төрөлгөнүн далилдөөдө кыйналышкан. Аймактагы, анын ичинде Кыргызстандагы, жүз миңдеген адамдар жарансыздык жагдайына туш болушкан.
Өзгөчө оор абалда аялдар калган: Союз кулаганга чейин күйөөгө тийип, башка республикага көчкөндөрдүн көбү жаңы чек аралар белгилегенден кийин жарансыздыкка туш болушкан. Улуттук мыйзамдарындагы боштуктардын айынан, алардын жарансызык макамы балдарына да өткөн.
СССР кулаган соң Өзбекстандан көчүп келгенден кийин жарандык алган өзүнүн үй-бүлөсүнүн тажрыйбасына негизденип, Азизбек, Кыргызстандын түштүгүндө коргоого алынбаган, жер которгон, жарандыгы жана документтери жок адамдарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү максатында, "Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери" аттуу бейөкмөт уюмун түзгөн.
«Мен адилетсиздикти көргөндө четте тура албайм, - дейт Азизбек Ашуров – Жарансыздык – бул акыйкатсыздык. Жарандыгы жок адамдар эч бир мамлекет тарабынан таанылбайт. Алар көрүнбөгөн адамдар сыяктуу. Алар арабызда жүрөт, бирок кагаз бетинде алар жок».
«Жарансыздыкты азайтуудагы биздин ролубуз - адамдарга өздөрү кыла албай турган нерселерди кылууга жардам берүү. Биз аларга жарандыкты бербейбиз, жөн гана аларга төрөлгөндөн тартып тийиштүү болгон нерсени кайтарабыз. Юридикалык билими бар болгон мен үчүн да жарандыкты алуу кыйын болсо, жөнөкөй адамга канчалык кыйын болоорун элестетип көргүлө», - деп айтты юрист.
Азизбектин тобуна жарандык алуу боюнча жардам үчүн көбүрөөк адамдар кайрылып баштаганынан улам, ал жарансыздык маселесине мекеменин көңүлүн бурган. Башка өнөктөштөр менен бирге ал мындай учурларды аныктоого жана бул жагымсыз көрүнүшкө биротоло чекит койгонго аракетин жумшаган.
Ашуров жана ФӨЧАЮнун башка мүчөлөрү өлкөнүн алыскы аймактарына социалдык аялуу топторду аныктоого жиберилген мобилдик топторго киришкен. Юристтердин мобилдик топтору тоолуу аймактарда жолтандабас унаалар же ат менен жүрүүгө мажбур болушкан.
Ашуровдун кыргыз бийлик органдары менен жашоодо эң керектүү документтерисиз калган адамдарга убактылуу «амнистия» берүү сыяктуу маселелер боюнча тыгыз кызматташуусу көп сандаган жарандыгы жок адамдарга жардам берди.
«Биздин ыкма өкмөт менен иш алып баруу болду, - деп Ашуров эскерет. - Биз мамлекеттик кызматкерлердин кѳңүлүн бурууга жана алар менен кызматташууга жетиштик. Мамлекеттик органдарга колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирем. Биз жөнөкөй активисттербиз, бирок биздин аркабызда Мамлекет турат».
«Кыргызстандан үлгү алып, аймактагы дагы бир нече өлкө ушундай кампанияларды өткөрүшүп, анын натыйжасындаында азыркы учурда 46 000 жарандыгы жок адамды аныкташты. Алардын ичинен 34 500дөн ашуун адамдын иши ийгиликтүү чечилди».