Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Жалал-Абад областы боюнча өкүлчүлүгү балдар үйлөрүнө мониторинг жүргүзүштү

02/09/2020 - 09:48

2020-жылдын 13-август күнү Акыйкатчы кызматкерлери Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Жалал-Абад шаарындагы “Ак-Жол” балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борборун текшеришти.  Бүгүнкү күндө 17 бала тарбияланып жаткан борборго пандемияга байланыштуу кирип-чыгууга чектөөлөр киргизилген.  Тамак-аш норма менен берилүүдө, жетиштүү запаста камсыздалган. Бир баланын тамак ашына 110 сомдон акча каражаты каралган. Жалпы 21 кызматкер эмгектенет.

Ошондой эле жашаган балдардын өздүк делосу менен таанышуу учурунда реабилитациялык борбордо Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Бек-Абад айылынын тургуну жашы жете элек 22.06.2013-жылы туулган А. М.  2019-жылдын 27-сентябрынан бери, башкача айтканда 11 айдан бери жашап келгендиги аныкталган, тактап айтканда 6 айга чейинки мөөнөттө жайгаштыруу талаптары сакталган эмес.  Бул боюнча  Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысына Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 37-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы №522 токтом менен бекитилген  “Баланы үй бүлөдөн тышкары жайгаштыруу тартиби жөнүндө” жобосунун талаптары сакталбагандыгы боюнча кат жолдонуп, көзөмөлгө алынды.

Ал эми 17-август күнү Жалал-Абад шаарындагы Ак-Бермет үй тибиндеги балдар үйүнө мониторинг жүргүзүү үчүн барган учурда анда балдар менен тарбиячылар жок болгон. Бул боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясынын кызматкерлери менен байланышканыбызда балдар үйүнүн тарбиялануучулары кайсы жакта экендиги тууралуу маалыматтары жоктугун билдиришкен. Жеринде акт түзүлдү. Балдар үйүнүн тарбиячысы Д.Акматалиева менен сүйлөшкөн учурда ал үйдүн тарбиялануучулары  2020-жылдын 15-августунан 17-августуна чейин Арстанбап аймагында болушкандыгын жана бул боюнча эч кимге кабарланбаганын, балдардын жарымы Арстанбапта калышкандыгын билдирген.

Жогоруда көрсөтүлгөн жагдай мекеменин уставына каршы келип,  балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын коопсуздугу эске алынбай калгандыгы жана мындай кемчиликтерди мындан ары болтурбоо боюнча сунуш Жалал-Абад шаарынын мэри М.Тагаевге жолдонду.

Эртеси күнү барган кызматкерлер ал жердеги 3 бала менен сүйлөшкөн, алар тарабынан нааразычылык айтылган жок.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарындагы Ак-Бермет үй тибиндеги балдар үйүндө  7 бала тарбияланууда. Алардын 4 бала, 3 кыз. Бул үй тибиндеги балдар үйү 2006-жылдын 20-октябрындагы №957 Жалал-Абад шаардык мэриясынын токтому менен ачылган. Ар бир баланын тамак ашына 65 сомдон каралган. №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору медициналык жактан карайт. Тамак аш, дары-дармек жетиштүү денгээлде камсыздалган.  

Ошондой эле бул жерде жашаган К.С. (13.11.2008-ж.т.) өздүк делосу менен таанышууда анын апасы М.С. дайынсыз жоголгон деп табуу жөнүндөгү Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан берилген арызын 2012-жылдын  13-августунда Жалал-Абад шаардык соту карап, соттун чечими менен М.С. дайынсыз жоголгон деп табылган.

Ал эми Кадамжай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы М.С. 2012-жылдын 7-декабрынан тартып психикалык (диагноз: Параноиддик шизофрения) ооруусуна байланыштуу Кадамжай психикалык социалдык стационардык мекемесине камсыздоого алынгандыгы маалымдалат. Бирок,  Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы жогорудагы жагдайды тактабай сот органдарына М.С. дайынсыз жоголгон деп табуу жөнүндө арыз берип, жыйынтыгында Жалал-Абад шаардык соту М.С. дайынсыз жоголгон деп тапкан. 

Бул боюнча өкүлчүлүккө Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Н.Жакыпова, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башчысы Б.Жалиловалар чакыртылып, түшүндүрмөлөр алынып, жыйынтыгында, М.С. жөнүндөгү Жалал-Абад шаардык сотунун чечими (жокко чыгаруу, өзгөртүү) боюнча аракеттерди көрүү менен Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын жооптуу кызматкерлеринин аракетине (өз ишине шалаакы мамилеси үчүн) карата жоопкерчилик чараларын көрүү боюнча сунуштама даярдалган.