Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүнү баштады
2021-жылдын 20-ноябрынан 2021-жылдын 2-декабрына чейин Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүшөт.
Бул максатта укук коргоочулар бир катар семинарлардан жана онлайн тренингдерден өтүштү.
Мониторинг үч баскычтан турат:
1. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине мониторинг жүргүзүү;
2. Добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү;
3. Шайлоодон кийинки процесске мониторинг жүргүзүү.
20-ноябрдан тарта Акыйкатчы аппаратынын борбордук жана бардык облустарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан республика боюнча шайлоо өнөктүгүнө көчмө мониторинг башталды.
Алар шайлоого даярдык жана үгүт иштеринин жүрүшүнө байланышкан маселелерди жеринде талдашат. Бул максатта CASCADD Борбордук Азиядагы стратегиялык талдоо, диалог жана өнүктүрүү борбору менен биргеликте 25 суроодон турган анкета иштелип чыккан. Анкеталар мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлдү. Сурамжылоонун жыйынтыгын иштеп чыккандан кийин, алар респонденттердин айткан сындарына көңүл бурушат.
Мониторингдин биринчи баскычы 2021-жылдын 26-ноябрына чейин созулат.
Мониторингдин жүрүшүндө шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын сактоого, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо жана шайлануу укуктарын ишке ашырууга жана коргоого, адамдын ден соолук коопсуздугун камсыздоого жана коронавирус инфекциясынан коргонуу ченемдерин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту шайлоо учурундагы мыйзам бузуу фактылары боюнча Акыйкатчы институтунун “115 шыр байланыш” телефонуна (115 номуруна чалуулар ар кандай уюлдук жана стационардык операторлордон акысыз) билдирүүнү өтүнөт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин www.ombudsman.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн байланыштар боюнча жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын борбордук аппаратына жана бардык региондогу өкүлчүлүктөргө түз кайрылса болорун белгилейт.
Акыйкатчы институтунда жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү отчет түзүлөт, андан кийин тиешелүү сунуштар менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана БШКга берилет.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, өркүндөтүү жана коргоо боюнча акыркы жыйынтыктарды чыгаргандан кийин жана республиканын адам укуктары боюнча башкы органынын кызматкерлеринен, жалпыга маалымдоо каражаттарынан, укук коргоочу бейөкмөт уюмдардан жана алдыдагы шайлоого катышкан жана ага байкоо салган республиканын жарандарынан келип түшкөн бардык билдирүүлөрдү жалпылагандан кийин Акыйкатчы аппараты өзүнүн сунуштары боюнча маалымдайт.
Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, каалаган каалоочулар шилтеме аркылуу өтүп суроолорго жооп бере алышат.
Кыргыз тилиндеги анкета: https://forms.gle/Y6tsxUXFqfMBNJj76
Орус тилиндеги анкета: https://forms.gle/nQz38BuyFeMGxVbw7