Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) 2018-жылдын 10-декабрындагы куттуктоо сөзү
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Урматтуу бүгүнкү эл аралык конференциянын катышуучулары!
Эң оболу, иш чаранын катышуучуларын бүгүнкү Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү менен дагы бир ирет куттуктоого уруксат этиңиздер. Бүгүнкүдөй коомчулуктун кеңири катмарынын катышуусундагы жыйын Кыргыз Республикасында адам укуктары эң жогорку баалуулук жана мамлекеттик саясатта борбордук орундардын бирин ээлей турганын көрсөтүп турат.
Туптуура 70 жыл мурда 1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган. Декларация дүйнөлүк коомчулуктун мамлекеттери макулдашкан алгачкы универсалдуу эл аралык-укуктук акты болуп саналат, анда Жер жүзүндөгү ар бир адамга берилиши керек болгон негизги укуктарды жана эркиндиктерди макулдашып, системдештирип жарыялашкан.
Бириккен улуттар уюмунун мүчө-мамлекеттери адам укуктарын сактоонун кызыкчылыгында жетекчиликке алууга тийиш болгон жалпы принциптер боюнча макулдашууга жетише алышты.
Жалпы декларация кабыл алынгандан кийин аны таануу эл аралык да, улуттук деңгээлде да өтө активдүү жүргөн. Эл аралык деңгээлде Декларация Бириккен улуттар уюмунун алкактарында адам укуктары боюнча кабыл алынган универсалдуу эл аралык актылардын кабыл алынган баштапкы нокот болуп, андан кийин жыйынтыгында адамдардын укуктарынын жана эркиндиктеринин принциптеринин жана ченемдерин түзүүчү, алардын түрлөрүн жана мазмунун аныктоочу, ошондой эле аларды ишке ашыруу тартибин жана коргоо механизмдерин аныктоочу ондогон, жүздөгөн аймактык жана эки тараптуу эл аралык келишимдер үчүн багыт жана стандарт болуп калды. Адам укуктарынын жалпы декларациясы жарандык жана саясий эле эмес, ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий укуктардын кеңири тизмегин камтыйт.
Декларациянын дүйнөдө адам укуктарын өнүктүрүүгө салымы зор. Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы 1950-жылдын 4-декабрында атайын резолюция кабыл алып, анда бардык мамлекеттерди жана кызыкдар уюмдарды Декларация кабыл алынган 10-декабрды жыл сайын Адам укуктары күнү катары белгилөөгө чакырды.
Адам укуктарынын жалпы декларациясын ийгиликтүү ишке ашыруу 1976-жылы Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү Эл аралык пактынын жана Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндөгү Эл аралык фактынын күчүнө киришине алып келди. Эки пактыда тең буга чейин Адам укуктарынын жалпы декларациясында бекитилген укуктардын көпчүлүгү андан ары өнүктүрүлдү, анын натыйжасында ал пактыларды ратификациялаган өлкөлөр үчүн ал укуктар милдеттүү юридикалык күчкө ээ болду. Аларда жашоого укук, мыйзам алдында тең укуктуулук, ой-пикирди эркин билдирүү укугу, эмгекке укук, социалдык камсыздоого жана билим алууга укук сыяктуу күндөлүк укуктар бекемделген. Жыйынтыгында Адам укуктары жөнүндө декларация менен чогуу алганда бул укуктар адам укуктары жөнүндө Эл аралык бильди түзөт.
Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарда аларды мамлекет сактоого тийиш болгон милдеттенмелер да бекитилген. Эл аралык келишимдердин катышуучусу боло туруп, мамлекет өзүнө эл аралык укук боюнча адам укуктарын урматтоо, аларды коргоо жана алардын сакталышын камсыздоо боюнча милдеттенмелерди жана милдеттерди өзүнө алат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы алар Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жоболорун кайталаган, же анын таасиринен камтылган бир катар фундаменталдык укуктардын тизмегин камтыйт. Белгилеп коюучу нерсе, Кыргыз Республикасы адам укуктары боюнча конвенциялардын катышуучусу болуп саналат жана адам укуктарын жана эркиндиктерин илгерилетүү боюнча активдүү ишмердикти жүргүзүп келет.
Адамдардын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик орган катары Акыйкатчы Институтунун түзүлүшү Кыргыз Республикасында демократиянын өнүгүүсүнүн жана азыркы демократиялык коомду куруунун жалпы демократиялык принциптерин бекемдөөдө алдыга кадам болду.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын Омбудсмени жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын юрисдикциясынын чектеринде туруктуу негизде адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына контроль жүргүзүү ыйгарым укуктарын берет.
Акыйкатчы Институтунун он алты жылдык тарыхы Кыргыз Республикасында бул мамлекеттик укук коргоо институту калыптанып, жеткиликтүүлүк, ачыктык жана көз карандысыз принциптеринде өнүгүп жатканын күбөлөндүрүп турат.
Урматтуу Сооронбай Шарипович, урматтуу аралык конференциянын катышуучулары. Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгын белгилөөнүн алкактарында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы адам укуктарынын бир айлыгын жарыялады, анын алкактарында калктын адам укуктары чөйрөсүндөгү укуктук маалымдуулугун арттырууга багытталган иш чаралар ОБСЕ жана Сорос-Кыргызстан фонду менен биргеликте уюштурулду. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Акыйкатчы институту мындан ары да адам укуктары чөйрөсүндө мамлекеттик бийликтин бардык бутактары, эл аралык уюмдар жана жарандык сектор менен кызматташуусун улантат деп ишендирип кетмекчимин.
Көңүл бурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем!