Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты Ички иштер министрлигине “ИИМдин убактылуу кармоочу жайларында инфекциялык коопсуздуктун сакталышы” темасындагы изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча кат жөнөттү
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри У.Ниязбековго “ИИМдин убактылуу кармоочу жайларында инфекциялык коопсуздуктун сакталышы” темасындагы изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча кароо жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн кат жөнөттү.
2021-жылдын май айынан сентябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери жана «Голос свободы» коомдук фондунун эксперттери тарабынан Бишкек шаары, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облусттарынын Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайларында инфекциялык коопсуздуктун сакталышына мониторинг жүргүзүлгөн.
Изилдөөнүн максаты SARS CoV-2 коронавирусунун жайылуу коркунучуна баа берүү жана шектүү/айыпталуучулар жана Убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлери арасында коронавирустук инфекцияны аныктоо боюнча дарылоо-диагностикалык иш-чараларды уюштуруу болуп саналат.
Саламаттыкты сактоо системасын баалоо үчүн "COVID-19 инфекциялык коопсуздукту баалоо баракчасы" иштелип чыгып, колдонулган.
Баалоо баракчасы 6 функционалдык бөлүк үчүн 39 критерийди камтыган, мисалы:
Башкаруу (административдик) иш-чаралары;
Изоляциялоо жана чектөө иш-чаралары;
Гигиена же экологиялык жана техникалык көзөмөл;
Персоналды жеке коргоо жана медициналык процедуралардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар;
Медициналык калдыктарды жок кылуу;
Кир жуучу жайлар.
Изилдөө учурунда төмөнкү маалыматтар чогултулган:
- жеке коргонуу каражаттарынын болушу;
- антисептиктердин жана дезинфекциялоочу каражаттардын болушу;
- контракттык негизде иштеп жаткан медициналык персонал менен (эгер бар болсо) маектешүү;
- ЧУА жана COVID-19 менен ооругандарды дарылоо протоколун текшерүү;
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү отчет түзүлүп, анда Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана ИИМдин УККнын жетекчилигине конкреттүү сунуштамалар камтылган.
Бул изилдөөнүн сунуштамаларын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу жайларында инфекциялык коопсуздук боюнча абалды жакшыртууга шарт түзөт.
Ошондой эле бул отчеттун корутундулары жана сунуштамалары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) жылдык баяндамасына киргизиле тургандыгын белгилей кетүү керек.
Отчет төмөнкү даректе жайгаштырылган: