Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытовдун “1956-1961-жылдардагы саясий репрессиялардын курмандыктарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун демилгелөө тууралуу сунушу
1956-1961-жылдары саясий репрессияларга жана куугунтуктоолорго (анын ичинде укуктук жана социалдык куугунтуктоолорго) дуушар болгон адамдардын, максатка ылайыктуу да, капысынан да соттук жаңылыштыктан улам чыгарылган айыптоо чечимдеринин залакаларын оңдоо жана жакшы атын жана жаркын элесин тарыхта калтырып, тарыхый адилеттүүлүктү орнотуу жана репрессияланган адамдардын жана алардын тикелей урпактарынын конституциялык укуктарын калыбына келтирүү максатында
СУНУШ КЫЛАМ:
Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңешине, Өкмөтүнө, Жогорку сотуна жана Башкы прокуратурасына кайрылып, саясий репрессияга кабылган Кыргызстандыктарды реабилитациялоо маселесин кароону сунуштайм.
Мында эсте тутуучу, түшүнүүчү жана ажыратып билүүчү жагдай: саясий репрессиянын негизги эки этабы болгон: биринчиси, 1934-жылдан 1939-жылга чейин. Ал айрым бөлүктөрүндө каралып жана ал боюнча басымдуу көпчүлүк акталган:
Саясий репрессиялардын экинчи толкуну 1956-1961-жылдарга туш келген, ал биринчи этаптагыдай эле өтө опурталдуу роль ойногон, ал азырынча биздин тарыхчылардын жана коомчулуктун көңүл сыртында калууда. Катардагы эмгекчиден Өкмөт мүчөсүнө чейинки жабыр тарткан мекендештерибиздин ысымдары жана алардын урпактары адилеттүүлүктүн тикеленишин күтүшүүдө.
Өзгөчө көңүлдү бул жерде ата-энелери саясий негиз менен соттолгон балдардын тагдырына буруу керек деген ойдомун. Ал балдар өмүр бою өзүлөрүнүн жарандык укуктарынан – татыктуу турак жай, толук кандуу саламаттык сактоо, жогорку билим алуу жана келечектүү жакшы акы төлөнүүчү жумуштарга орношуу жана талаптагыдай соттук коргоо укуктарынанан ажырап калышкан эле.
Бул балдардын тагдырын эч кандай өзгөртүүгө мүмкүн эместиги түшүнүктүү. Бирок биз алардын өзүлөрүн, ата-энелерин жана жакындарын келечек муундардын жана замандаштарыбыздын алдында актай алабыз. Биз муну жасоого тийишпиз. Биз өзүбүздөн улуу муундун жана аталарыбыздын капыстан же аң сезимдүү түрдө кетирген катачылыктарын моюнга алууга батынышыбыз керек.
Ошондо гана элибиз бардык кыйынчылыктар жана сыноолорго туруштук бере алат, анткени биз Ар-намыс менен туура жасап жатабыз.
Ошол эле учурда реабилитациялануучулардын тизмеси дыкаттык менен тыкыр текшерилип, такталуусу керектигин баса белгилейм, анткени реабилитациялануучулардын тизмесине киши өлтүрүү, зордуктоо, карактоо, тоноо жана баңги каражаттары үчүн соттолгондор ж.б. у.с. кирип кетпеши керек.
Бул демилге өлкөбүздүн жарандарынын укук жана эркиндиктерин калыбына келтирүүгө багытталышы керек, анткени ар кайсы мамлекеттин тарыхы адамзат тарыхы менен гана эмес, 1956-1961-жылдары орун алган саясий репрессиялар тике же кыйыр түрдө, конкреттүү коом, ошондой эле конкреттүү адамдардын тагдырлары менен байланыштуу. 1956-1961-жылдардагы орун алган саясий репрессиялар Кыргызстандыктардын басымдуу көпчүлүгүнө түздөн-түз же кыйыр түрдө тиешеси бар. Бул тууралуу эс тутумду унутта калтырууга жана нукура тарыхыбызды архивдик чаң текчелерде жоготууга болбойт.
Ар бир элдин тагдыры айрым адамдардын тагдырынан турат, алардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коргоо жана сактоо аз эмес мааниге ээ.
Ошондуктан, бүгүнкү күндө жашап жаткан муун Мекенибиздин азыркысы жана келечеги, жарандарыбыздын тагдыры үчүн гана эмес, кечээкибиз үчүн, тарыхыбыз үчүн жана ата-бабаларыбыздын жакшы аты үчүн бирдей даражада жоопкерчилик тартабыз.