Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы КР Конституциясынын долбоору боюнча Венециан комиссиясына кайрылды

27/11/2020 - 13:21

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов Европа кеңешинин Демократияга укук аркылуу комиссиясынын (Венециан комиссиясы) төрагасы Джанни Букикиого кайрылды.  Бул кайрылууда Акыйкатчы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтына 2020-жылдын 17-ноябрында

 коомдук талкуу үчүн жарыяланган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу”  КР мыйзамынын долбоорундагы адам укуктары жана эркиндиктери бөлүгүнө сунуштарды берүүсүн сурап кайрылган.