Жогорку Кеңештин депутаттары жана Акыйкатчы Бишкектеги тергөө абагына барышты

13/11/2026 - 17:49

13-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Регламент боюнча комитетинин депутаттары КРнын Акыйкатчы (Омбудсмени) Институту менен биргеликте Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинде мониторинг жүргүзүштү.

Мониторингге Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, комитеттин төрайымы Гүлнара Акимбаева, комитеттин төрагасынын орун басары Мирлан Жеенчороев, депутат Улан Сариев жана Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева катышты. 

Депутаттар жана Акыйкатчы  камераларды кыдырып, камакта кармалган аялдар жана эркектер менен баарлашып, 10дон ашык кармалуучу менен жеке сүйлөштү. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө камакта кармалгандар көбунчө соттук териштирүүлөрдүн создуктурулушуна, тергөөнүн калыс эмес жүргүзүлүшүнө жана медициналык жардамдын сапатына арызданышты.  

Кармалгандар дарыгерлердин жана дары-дармектин жетишсиздигине даттанышты. Маалым болгондой, медициналык бөлүмдө эки дарыгер жетишсиз. 

Мындан тышкары, кармалган эки адам медициналык жардамга муктаж экенин билдирип, көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү.

Алардын бири төрт ай мурда боорун алмаштыруу боюнча операция жасалганын айтып, учурда медициналык текшерүүгө жана дарыланууга муктаж экенин билдирди.

Экинчи жаран I топтогу майыптыгы бар экенин белгилеп, көрүүсү кескин начарлап кеткендигине байланыштуу медициналык кароодон өтүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды.

Тергөө абагынын жетекчилигине медициналык жардамга муктаждарды тиешелүү текшерүүдөн өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

Кармоо шарттары боюнча даттанууларга тергөө абагы жакында жаңы имаратка көчөру айтылды жана ал жерде талапка ыдайык шарттар түзүлөрү белгиленди. 

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери кармалгандардан жазуу турундө арыздарды кабыл алышты, андан сырткары, Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн түшундүрмөсү угулду. 

Учурда №21 тергөө абагында 1 474 адам кармалууда. Алардын 120сы аялдар.

Мониторингдин жыйынтыгы менен кайрылуулар иликтенет. Анын жыйынтыгы менен кармалып турган жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында тиешелүү чаралар көрүлөт.