Жамиля Жаманбаева: Баланын үй-бүлөдө тарбияланышы үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек

20/11/2026 - 13:27

Бүгүн БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясынын күнүнө карата балдардын үй-бүлөдө жашап, тарбиялануу укугун камсыз кылуу маселелерине арналган тегерек стол өттү.

Иш-чарага КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Акыйкатчы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы, «Ана үй» коомдук фондунун директору Раушан Киарбекова, Акыйкатчы Институтунун алдындагы коомдук кеңештин мүчөсү Назгүл Турдубекова, Президенттик администрациясынын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгынын эксперти Элнура Тентиева жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. 

Тегерек столдо Акыйкатчы Институтунун 2026-жылы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборлоруна жүргүзгөн мониторингинин жыйынтыктары талкууланды. 

Ошондой эле Бишкектеги «Эне үйү» ресурс борборлорунун иш тажрыйбасы боюнча маалымат берилди. 2025-жылдан бери эки «Эне үйү» ресурс борбору 98 аялга жана 104 балага колдоо көрсөттү.

Жыйындын жүрүшүндө балдарды интернаттык мекемелерге жайгаштыруунун алдын алуу, үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү жана балдарды үй-бүлөлүк чөйрөгө кайтаруунун жолдору каралды.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева баланы интернаттык мекемеге жайгаштыруу акыркы чара катары гана колдонулушу керектигин белгиледи. 

«Биринчи кезекте үй-бүлөнү сактап калууга жана ата-энеге жардам берүүгө аракет кылуу зарыл. Эгерде үй-бүлө материалдык жактан кыйналып, турак жайга же социалдык жардамга муктаж болсо, мамлекет биринчи кезекте ошол үй-бүлөгө колдоо көрсөтүшү керек. Анткени мындай кыйынчылыктар баланы үй-бүлөсүнөн ажыратууга негиз болбошу керек», — деди Акыйкатчы.

Иш-чаранын жыйынтыгында балдарды коргоо жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана мамлекеттик органдар менен тиешелүү мекемелердин кызматташтыгын бекемдөө зарылдыгы белгиленди.