Акыйкатчы Институту мамлекеттик органдардын эрте никенин алдын алуу боюнча ишиндеги кемчиликтерди аныктады 

26/11/2026 - 15:32

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту эрте никенин жана эрте кош бойлуулуктун алдын алуу боюнча мониторингдин үчүнчү этабын Нарын жана Ысык-Көл облустарында өткөрдү. 

Мониторинг Президенттие администрациясынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте Кочкор, Ат-Башы, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда жүргүзүлүп, жергиликтүү мамлекеттик органдардын эрте никенин алдын алууга багытталган иштериндеги кемчиликтерди аныктады. 

Негизинен эрте никенин алдын алууда туруктуу иш жүргүзбөйт.  Айрым райондордо бул багыттагы иш-чаралар билим берүү бөлүмдөрүнүн иш-пландарына да киргизилген эмес. Эрте никеге турган кыздардын окуусун улантуусуна жана мектепти аяктоосу көзөмөлдөнгөн эмес.

Бардык райондордогу Балдар иштери боюнча комиссия нике курагын төмөндөтүү боюнча арыздарды кароодо көрсөтүлгөн жүйөлөрдү текшербей, үстүртөн карап, дээрлик баарын канааттандырган.  

Мисалы, Жети-Өгүз районунда нике курагын төмөндөтүү боюнча 2025-жылы 10, ал эми 2026-жылы 5 арыз каралып, бардык учурда өспүрүмгө турмушка чыгууга уруксат берилген. 

Кочкор районунда 2025-жылы 2, 2026-жылы 2 өспүрүм кызга турмуш куруу уруксат берилген. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн маалыматында, алардын баары кош бойлуу болушкан. 

Тоң районунда нике курагын төмөндөтүү боюнча өткөн жылы 5, 2026-жылы 1 арыз түшкөн. Белгилей кетсек, Балдар иштери комиссия кош бойлуулук себеби менен турмушка чыгууга уруксат берип, бирок аны таксыктоочу кагаздарды талап кылган эмес. 

Ат-Башы райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын маалыматында, 2025 жана 2026-жылдары нике курагын төмөндөтүү боюнча бир дагы арыз каралган эмес. Райондук ички иштер башкармалыгы да эрте нике боюнча бир дагы факт катталбаганын кабарлады. 

Мониторинг учурунда мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуу жетишсиз экени да аныкталды.

Мисалы, Жети-Өгүз райондук төрөт үйүнүн маалыматы боюнча, 2025-жылы бир, ал эми 2026-жылдын алты айында дагы бир өспүрүм төрөгөн. Бирок райондук ички иштер бөлүмү өткөн жылы эрте нике катталбаганын билдирген.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, өлкө боюнча 2025-жылы жашы жете электер менен никелешүү боюнча 340 иш катталса, алардын 64нө гана кылмыш иши козголгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы өлкө боюнча 327 жашы жете элек кыз кош бойлуулук боюнча каттоого алынып, 315 жашы жете элек кыз төрөгөн. Алардын төртөө 14 жашта, бирөө 13 жашта болгон. Мындан тышкары, 39 жашы жете элек кыз бойдон алдырган.

Белгилей кетсек, Акыйкатчы Институту  эрте нике боюнча мониторингдин эки этабын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында жүргүзүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштарды берген.