Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту «Сот адилеттигин жүргүзүүдө жарандардын укуктарынын сакталышынын көйгөйлөрү» деген аталышта коомдук угууларды өткөрдү

26/04/2019 - 10:14

Коомдук угууга КР Президентинин Аппаратынын, Өкмөт Аппаратынын, Конституциялык палатанын, Жогорку соттун, Финансы министрлигинин, КР Юстиция министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү соттордун судьялары, адвокаттык шериктештиктин, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн эксперттер, юристтер ж.б. катышты.

Бул иш чарада конституциялык талаптарды (КР Конституциясынын 103-беренесинде “Мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле соттук териштирүүгө катышкан жактар аны жүргүзүү үчүн жетиштүү каражатынын жок экендигин далилдеген ар кандай гана учурда сот адилеттиги акысыз жүргүзүлөт”) ишке ашыруу менен байланышкан коомдук мааниге ээ болгон бир катар  маселелер талкууланды.  Коомдук угуулардын катышуучулары Акыйкатчы институтунун демилгелерин жана анын Аппаратынын кызматкерлери тарабынан аталган талаптарды ишке ашырууга багытталып иштелип чыгылган мыйзам долбоорун колдоого алышты. Анткени соттук териштирүүгө катышкан жактардын баарынын эле мамлекеттик алым төлөөгө кудурети жетпейт.

Ошентип, бүгүнкү күндө жарандар (мамлекеттик алымды төлөө мүмкүнчүлүгү жокто) жарандык сот өндүрүшүндө соттук коргоого өз укугун көп учурда ишке ашыра албайт.

Кийинки маселе мамлекеттик алымдын өлчөмүнүн акылга сыярлык деңгээли тууралуу болду. Мамлекеттик алымдын ставкаларына (КР Өкмөтү тарабынан бекитилген) толуктоолорду киргизүүдө, калктын социалдык жактан аяр катмарынын катарын кеңейтүү (б.а. жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү гана эмес, жалпы кирешеси керектөө минимумунан аз болгондорду), аларга карата мамлекеттик алымды төлөөнүн минималдык базалык ставкасы 1 эсептик көрсөткүчүнө барабар болуусу керектиги тууралуу демилге да коомдук угуулардын катышуучуларынын колдоосуна ээ болду.

Ошондой эле мамлекеттик алымдын өлчөмүнүн жогорку чегин белгилөөнүн зарылдыгы маселеси талкууланды, Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлеринин пикиринде, бул сумма кандай болгон күндө да, доонун өлчөмү канчалык жогоруласа да  60 миң сомдон ашпоого тийиш.Жолугушуунун катышуучулары тарабынан бул демилге колдоого ээ болду.

Кароого сунушталган төртүнчү маселе, ашыкча төлөнгөн алымдын ашыкча суммасын кайтаруу менен байланышкан. Эгер доо талаптары азайса, анда төлөнгөн алымдын айырмасы доогерге кайтарылып берилүүсү зарыл. Акыйкатчы институтунун бул маселе боюнча КР Жарандык-процесстик кодексине жана  КР «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» Кодекске  тийиштүү толуктоолорду киргизүү сунушу коомдук угуулардын катышуучулары тарабынан колдоого ээ болду.

Коомдук угуулардын жыйынтыгы боюнча Акыйкатчы институту сунушталган демилгесин келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен жеткире иштеп чыгып, КР Жогорку Кеңешине жана КР Өкмөтүнө жолдойт.