Кылмыш иши боюнча документи жок жана соттун күчүнө кирген өкүмү жок 25 жыл камакка алынган аял бошотулду
Кечээ, 2020-жылдын 30-январында Акыйкатчынын кеңсесине Э.К. аттуу аял телефон чалып, анын кайрылуусун мыйзам чегинде, акыйкат кароого көмөктөшкөндүгү үчүн Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди. Атап айтканда, өзү маалымдагандай, Токмок шаардык соту тарабынан чындыгында эле жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгү үчүн сот залынан камактан бошотулган.
Эскерте кетсек, бул жазык иши тууралуу Акыйкатчынын басма-сөз кызматы 2019-жылдын 26-декабрында маалымат тараткан болчу. Жаран Э.К. Токмок шаардык соту тарабынан КР КЖК 125 беренесинин 2 бөл.3 п, 97 беренесинин 2 бөл. 3, 6, 11, 13 п. боюнча айыптуу деп табылып, жаза мөөнөтүн №2 түзөтүү колониясына өтөө үчүн 25 жылга эркиндигинен ажыратылган эле. Иштин материалдары белгисиз себептерден улам жоголуп кеткен.
2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Жазык кодексине ылайык, мындай кылмыштар үчүн жоопкерчилик 20 жылды түзөт.
КР Акыйкатчысынын суроо-талабына КР КР Башкы прокуратурасынан алынган жооптон белгилүү болгондой, жаран Э.К. кылмыш иши боюнча документтери жоголгону боюнча факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (№03-111-2019-000034) катталган. Сотко чейинки өндүрүш иши Чүй облусунун УКМК башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлүп жатат.