КР Башкы прокуратурасынын айрым кызматкерлери соттук чечимдердин талаптарын аткарышпайт
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) аппаратына прокуратура органдарынын айрым кызматкерлери тарабынан мыйзамдуу күчкө кирген соттук өкүмдөрдүн четке кагылып жана аткарылбай жаткандыгы тууралуу арыздар келет. Буга мисал катары С.Фищенконун иши боюнча соттун чечимин айтсак болот.
Белгилей кетсек, Россия Федерациясындагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Т.Н.Москалькова С.Фищенконун ишин жеке көзөмөлгө алууну өтүнүп Акыйкатчыга кайрылган.
Ошондой эле КРӨ караштуу ЭККМК тергөө башкармалыгынын (ТБ) тергөөчүсү А.Сабировдун мыйзамсыз иш-аракеттерине, ошондой эле С.Фищенкого байланыштуу кылмыш ишин кароо боюнча ЭККМК ТБнан КР ИИМ тергөө кызматына өткөрүп берүү тууралуу эки инстанциядагы соттун чечиминин алар тарабынан аткарылбай жаткандыгы жөнүндө КР Башкы прокуратурасынын айрым кызматкерлери тарабынан жол берилген мыйзамсыз фактылар боюнча Россия Федерациясынын жараны, Бишкек шаарындагы № 1 ТИЗОдо жаткан Сергей Викторович Фищенконун кызыкчылыгын коргогон жактоочулар арыз менен кайрылышкан.
Атап айтканда, 26.03.2019-жылы КР Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши КР ИИМ тергөө кызматына берилген, бирок үч күндөн соң, 29.03.2019-жылы Башкы прокуратура ушул эле ишти кайрадан кайтарып алган жана КРӨ ЭККМКга тергөөгө жиберген.
Андан кийин, С.Фищенконун жактоочулары тарабынан КР Башкы прокуратурасынын бул иш-аракети боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна доо арыз берилип, 2019-жылдын 8-апрелиндеги соттун токтому менен №288-16-0029 кылмыш ишин КР ИИМ тергөө кызматынан КРӨ ЭККМК берүү тууралуу иш-аракеттер мыйзамсыз деп таанылган.
Ошондой эле, кийинчерээк 2019-жылдын 25-апрелиндеги Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын аныктамасы менен 2019-жылдын 8-апрелиндеги Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын токтому күчүндө калтырылган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 100-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, мыйзамдуу күчүнө кирген соттордун чечимдери бардык мамлекеттик органдар (а.т. КР Башкы прокуратурасы дагы), кызматтагы адамдар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймактарында аткарылат.
Мындай учурда, жогоруда белгиленген 2019-жылдын 8-апрелиндеги Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтомдун негизинде №288-16-0029 кылмыш ишинин материалдары КРӨ ЭККМК ТБнан КР ИИМ ТКна берилиши керек эле, бирок бул аткарылган эмес.
Андан дагы, (2019-жылдын 8-апрелиндеги Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому күчүндө турган мезгилде) КРӨ ЭККМК тергөөчүсү А. Сабиров сотко чейинки өндүрүштү аягына чыгарып койгон жана тиешелүү материалдарды КР Башкы прокуратурасына өткөрүп берген. Андан соң, 2019-жылдын 16-апрелинде КР Башкы прокурорунун орун басары Н. Дарданов тарабынан жоопко тартуу актына кол коюлган жана 2019-жылдын 17-апрелинде аталган кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна берилген.
Ошентип, КР Башкы прокуратурасынын айрым кызматкерлери тарабынан тергөө судьясынын токтомдорун аткарбоо (четке кагуу) тууралуу билдирген КР ЖПК 255-беренесинин 5-бөлүгүнүн жана КР Конституциясынын 100-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарынын бузулушуна жол берилген.
Жогоруда келтирилген, прокуратура органдары тарабынан жол берилген, мыйзам бузууларды эске алуу менен, Акыйкатчы (Омбудсмен) институту тарабынан КР Башкы прокуратурасына жогоруда белгиленген мыйзам бузууларды жоюу жана күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу жөнүндө токтом жиберген.
Бирок, жогоруда айтылган КР Башкы прокуратурасынан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Токтомунда көрсөтүлгөн талаптарды четке каккан жооп келди.
Ошондой эле, Башкы прокуратура сот болгону Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жообун негизсиз деп тааныган деп жүйө келтирген.
Аны менен бирге белгилей кетсек, башкы прокуратуранын бул жүйөсү туура эмес болуп саналат, анткени жогорудагы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2019-жылдын 8-апрелиндеги токтомунда сот №288-16-0029 кылмыш ишин КР ИИМнен КРӨ ЭККМКга берүү боюнча Башкы прокуратуранын так ошол иш-аракетин (жообун эмес) мыйзамсыз жана негизсиз деп таап, бул мыйзам бузууну жоюуга милдеттендирген.
Ошондой эле, башкы прокуратура өзүнүн жообунда 2019-жылдын 25-апрелиндеги Бишкек шаардык сотунун аныктамасы (2019-жылдын 8-апрелиндеги Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтомун өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө) ал чыккан күндөн тартып КР Башкы прокуратурасынын дарегине түшкөн эмес (ошентип, аппеляциялык инстанциядагы соттук өкүм тууралуу Башкы прокуратурага маалым болгон эмес).
Келтирилген жүйө туура эмес көрүнөт, себеби, эгерде Башкы прокуратуранын компетенттүү кызматкерлери 2019-жылдын 25-апрелиндеги бишкек шаардык сотунун аныктамасын билбей калган күндө дагы, алар (кандай болбосун) 2019-жылдын 8-апрелиндеги Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтомун (олуттуу жана апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан өзгөртүүсүз калтырылган) билишкен жана аны аткарууга милдеттүү болушкан, анткени КР ЖПК 255-беренесинин 5-бөлүмүнө ылайык, тергөө судьясынын токтому токтоосуз түрдө мыйзамдуу күчүнө кирет жана милдеттүү түрдө аткарууга жатат. Аталган Кодексте каралган учурларда гана тергөө судьясынын токтому апелляциялык тартипте даттанылууга жатышы мүмкүн жана анын аткарылышын токтото албайт.
Белгилеп коюу зарыл, 2019-жылдын 8-апрелиндеги Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан чыгарылган токтом туурасында Башкы прокуратуранын компетенттүү кызматкерлери билишкен, ал гана эмес өздөрү аталган сот тарабынан тиешелүү материалдарды кароодо түздөн-түз катышышкан.
Жогоруда айтылгандардын негизинде КР Акыйкатчысы (Омбудсмен) КР Башкы прокуратурасын аталган мыйзам бузууларга жол берген жооптуу кызматкерлердин жоопкерчилигин кароого жана укуктук жолго кайтып келүүгө, ошондой эле мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдерди аткарууга органдын мамилелерин кайра карап чыгууга чакырат.