КР Акыйкатчысынын 115 “Шыр байланыш” телефонуна 2021-жылдагы чалуулар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын “115 шыр байланыш” телефону иштеген учурдан тартып, жарандардан келип түшкөн кайрылуулары жана даттануулары менен иштөөнүн белгилүү тутуму иштелип чыккан.
2021-жылы “115 шыр байланыш” телефонунун негизги иши кайрылган жарандарга аларды кызыктырган маселелер боюнча толук жана ар тараптуу маалымат, консультацияларды, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө багытталды. Бардык келип түшкөн кайрылуулар кызматтын адистери тарабынан купуялуулук жана жашыруун тартибин сактоо менен кабыл алынган жана иштелип чыккан. Арыздарды кароо, жарандардын укуктарынын бузулушуна ыкчам чара көрүү зарылчылыгы келип чыкса, кайрылуулар кызматтык кат түрүндө түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) берилген.
Алсак, 2021-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде 115 “Шыр байланыш” телефонуна 10 046 чалуу келип түшкөн, анын ичинен: үн почтасына 1 827 чалуу ( арасынан телефонго туш келди, адашкан жана кыска чалуулар да бар) түшкөн.
Кырдаалга мониторинг жүргүзүү үчүн чыгыш чалуулар, ошондой эле үн билдирүүлөрүнө жооп катары 284 чалуулар жүргүзүлгөн - аларга адам укуктарынын бардык маселелери боюнча күн сайын консультациялар берилди. Мындан тышкары, жарандарга алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун каражаттары жана жолдору боюнча 8 219 түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү –алардын көпчүлүгү кызыккан маселелер боюнча консультациялар, мыйзамдарды түшүндүрүү жана укуктарды тактоо, кайрылуулар боюнча маселелерди Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратына жана башка компетенттүү органдардын кароосуна байланыштуу сунуштар берилди. Ошондой эле, жарандардын кайрылууларын ыкчам кароо максатында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратында атайын баарлашуу чаты уюштурулду. Анда шыр байланыш телефонунун адистери тарабынан керектүү консультациялар, түшүндүрмөлөр жана сунуштар берилди.
“115 шыр байланыш” телефонуна чалууларды темалары боюнча бөлүштүрүү жөнүндө маалымат
Суроонун мүнөзү | Саны | |
1. | Милдеттүү эмдөө жөнүндө | 308 |
2. | Укук коргоо органдарынын аракеттерине/аракетсиздигине даттануулар | 180 |
3. | Эмгек мыйзамдарын бузуу (эмгек талаш-тартыштары), анын ичинде ишке орноштуруу жана балдарды мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине жайгаштыруу укуктарын коргоо жөнүндө | 164 |
4. | Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, үй-бүлө мүчөлөрүнө карата зомбулук жана чыр-чатактар | 158 |
5. | Жер маселеси жана жер талаштар | 153 |
6. | Саламаттык сактоо жана билим берүү кызматкерлеринин аракеттерине/аракетсиздигине даттануулар | 145 |
7. | Үй-бүлөлүк укук (алимент, ажырашуу ж.б.) | 132 |
8. | Жарандардын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү укуктарын сактоо жана коргоо (пенсиялар, жөлөкпулдар, эмгек акы, пандемия учурунда тартылган медицина кызматкерлерине акчалай каражаттарды төлөө ж.б.) | 120 |
9. | Жабык мекемелердеги адамдардын укуктарын бузуу (катаал мамиле кылуу), анын ичинде медициналык жардамдын талаптагыдай эместиги (же жетишсиздиги) жөнүндө | 111 |
10. | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттерине/аракетсиздигине даттануулар | 80 |
11. | Паспорт, күбөлүк жана башка тийиштүү документтерди берүү жөнүндө | 71 |
12. | Соттун адилетсиз чечимдерине даттануулар | 49 |
13. | Калкты каттоо, жарандык алуу, Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу. | 38 |
14. | Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жүргөн жарандарынын (эмгек мигранттарынын) жана Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктары жөнүндө | 35 |