КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Омбудсмендердин Евразиялык альянсынын IV жыйынына катышты

29/04/2020 - 12:30

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов  Омбудсмендердин Евразиялык альянсынын  IV жыйынына катышты

2020-жылы 29-апрелде КР Акыйкатчысы Токон Мамытов жана Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Омбудсмендердин Евразиялык альянсынын жыйынына катышышты. Жыйын видео-конференц-байланыш форматында өтүп, Улуу Ата Мекендик согуштагы  Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналды. Бул жолугушуу Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн офиси жана Татьяна Москалькова тарабынан уюштурулган

Бул жолугушууда Армения Республикасынын Адам укуктарын коргоочусу  Арман Татоян, Иран Ислам Республикасынын Башкы инспекциясынын башчысы, судья Хасан Дарвишиан, Сербия Республикасынын жарандарын коргоочусу (Омбудсмен) Зоран Пашалич, Тажикстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Умед Бобозода, Өзбек Республикасынын адам укуктары боюнча Улуттук борборунун директору  Акмаль Саидов, Казакстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимова, Өзбекстан Олий мажилисинин Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү (Омбудсмени) Улугбек Мухаммадиев жана Монголиянын Адам укуктары боюнча  улуттук комиссиясынын  өкүлү Туул Эрдэнэбаатор айым катышты..

Мындан сырткары, конференциянын башталышында жыйындын катышуучуларына Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко сөз сүйлөп, Омбудсмендердин Евразиялык альянсынын түзүлгөн учурунан тартып адамдардын жарандык жана жекече укуктарын коргоо чөйрөсүндө натыйжалуу эл аралык кызматташтыкты орнотууда зор мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

Омбудсмендердин Евразиялык альянсынын IV отурумунун талкуулаган темасы Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын контекстинде адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелери болуп калды.

Куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөп, Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова, биздин тарыхый жалпы өтмүшүбүздү бурмалоодон коргоо адамдын тарыхый эс тутумга болгон укугунун бузулушун шарттайт.  Ал ушул согуштун ардагерлеринин жана катышуучуларынын укуктарын  коргоонун өзгөчө зарылдыгын белгиледи. «Биз, омбудсмендер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин, катышуучуларынын, Дүйнөлүк экинчи согуштун курмандыктарынын,  ооруктун катышуучуларынын жана ушул Жеңиш күнүн жакындатууга салым кошкондордун укуктарын коргоону ишибиздин артыкчылыктуу багыты катары аныкташыбыз керек. Курман болгондордун жаркын элесине таазим жана ушул тынчтыкты, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн бизге күч-кубат жана ден соолук берсин,-деп белгиледи Росия Омбудсмени.  .

Өз кезегинде, Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов россиялык кесиптешине ыраазычылыгын билдирип, Улуу Ата Мекендик согуштун жана Дүйнөлүк экинчи согуштун аяктаганынын 75 жылдыгынын контекстинде адамдардын тарыхый эс тутумга укуктарын коргоону кеңири талкуулоо боюнча демилгесин колдоого алды.  

«Быйыл 2020-жылы Дүйнөлүк экинчи (Улуу Ата Мекендик) согуштагы совет элинин жана бүтүндөй прогрессивдүү адамзаттын фашизмдин үстүнөн Улуу Жеңишине 75 жыл болот, бул согуштун ажырагыс бөлүгү болуп, ксенофобия, расизм жана .элдердин геноциди саналат. Мындай трагедиянын кайталанышына жол койбоо керек. Бул жалпы Улуу Жеңишке өз салымын кыргызстандыктар да кошкон. Кыргызстандыктар да бул жалпы Улуу Жеңишке өз салымын кошушкан, ал илимий документтерде жана изилдөөлөрдө, ошондой эле башка булактарда, анын ичинде кинематографиялык фондуларда да чагылдырылган.    

Өзгөчө белгилеп коюучу жагдай, ар бир адамдын тынч жана татыктуу жашоого, ден соолугунун коопсуздугуна жана өз эркин эркин билдирүү, Адам укуктарынын жалпы декларациясында чагылдырылган укук жана эркиндиктерди эч бир чектөөсүз коргоо  жана чыңдоо зарылдыгын белгилегим келет. Ушул майрам алдындагы күндөрдө Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун алдында жана согуш арадагерлеринин алдында башыбызды ийип таазим этебиз, ошондой эле оорукта эмгектенген адамдарга алардын кажыбас кайраты жана каармандыгы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Улуу Жеңиш күнүндө биз кан майдандан кайтпай калган аталарыбызды эскеребиз. Алардын эрдиги, совет элинин жана дүйнөнүн  башка элдеринин, жалпы эле прогрессивдүү адамзаттын каармандыгынан улам биздин тынч жашоо жана келечегибиз камсыз болгон. Мындан ары тынчыткты, туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо максатында, анын ичинде анын ичинде адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө универсалдык жана регионалдык деңгээлде достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо зарылдыгына ишенем, -деди өз сөзүндө Токон Мамытов

Мындан тышкары, Экинчи дүйнөлүк (Улуу Ата Мекендик) согуштагы Жеңиштин  75 жылдыгына карата бир катар демилгелерди сунуштады.

Экинчи дүйнөлүк (Улуу Ата Мекендик) согуштун  жыйынтыгын бүткүл прогрессивдүү адамзаттын тарыхый, руханий, маданий жана материалдык эмес мурасы катары таанып, бул чечимди 2003-жылдын 17-октябрында БУУнун Башкы конференциясынын 32-сессиясында кабыл алынган ЮНЕСКОнун  “Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө” Конвенциясынын текстине  киргизүүнү;

Нюрнберг  процессин жана анын чечимин да  тарыхый, руханий, маданий жана материалдык эмес мурас катары таанып,бул чечимди ЮНЕСКОнун  “Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө” Конвенциясынын текстине  толуктоо катары киргизүүнү;

9-майды (Дүйнөлүк экинчи (Улуу Ата Мекендик)согуштагы) Жеңиш күнүн  Адамзаттын фашизмди жеңген Эл аралык жеңиш күнү деп) таануу сунуштамасы  менен  ЮНЕСКОнун алдында жана “Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө”Конвенцияга кол койгон бардык өлкөлөрдү  жогоруда аталган демилгелерди ар тараптан колдоо жана ишке ашыруу өтүнүчү менен кайрылууну  суранды.

Омбудсмендердин Евразиялык альянсынын IV отурумунун күн тартибиндеги экинчи маселе болуп, COVID-19 коронавирус пандемиясынын шартында Омбудсмендердин ишмердигиндеги оң тажрыйбалар менен бөлүшүү болду.

Бул теманы талкуулоо учурунда КР Акыйкатчысы Токон Мамытов өзүнүн бардык коллегаларына, анын ичинде Россия жана Казакстандын Омбудсмендерине кайрылып, Кыргызстандын учурда алардын мамлекеттеринин аймактарында  болгон жарандарына, анын ичинде мигранттарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү, алардын маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды.  

«COVID-19 коронавирус пандемиясы дүйнөнүн 200дөн ашуун мамлекеттерине жайылып, 3 миллиондон ашуун адам илдетке чалдыгып, 200 миңден ашуун көз жумган бул абалда биздин мамлекеттерибиздин жана элдерибиздин алдында жаңы, олуттуу көйгөйлөр, тобокелчиликтер  келип чыкты, аларды өз убагында чечпөө глобалдуу коркунучка алып келүүсү ыктымал.

COVID-19, башында медициналык көйгөй катары келип чыкса, кийин социалдык-экономикалык проблемага өсүп жетип, учурда глобалдык саясий проблемага айланды. Таажылуу вирус инфекциясы биздин жалпы жоого айланды, ал чек араны да, улуттук же этникалык таандыктуулукту, идеялык-саясий же диний көз караштарды жана ишенимдерди айырмалабаган жалпы жообуз болду. Пандемия эмгек рыногунун бошоң жерлерин ачыктап, ишканалар менен мекемелердин ишмердиги токтотулду, жумуш убагынын узактыгы кыскарды. Адамдар акы төлөнбөгөн эмгек өргүүлөрүндө болууга аргасыз. Кризистин натыйжасында көптөгөн адамдар иштөө мүмкүнчүлүгүн, өзүнө эң зарыл базалык керектөөлөрүн камсыздоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Мындай абал дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү жана  мамлекеттери үчүн мүнөздүү.

Биздин мамлекеттерибиз туш болгон жана жеңүүгө тийиш болгон проблемаларды көрүп турабыз, айрыкча биздин республикаларыбыздын карапайым жарандарынын, айрыкча калктын социалдык аяр катмарынын көйгөйлөрүн чечүү зарылдыгы келип чыкты..

COVID-19 менен күрөшүүдө чоң көйгөйлөр логистика менен байланышкан маселелерде келип чыкты.

Бул – биздин жарандарды алар барган мамлекеттеринен жөнөтүү, алар өзүлөрү таандык болгон мамлекетинде кабыл алуу, алардын коопсуздугун (биринчи кезекте ден соолугун)камсыздоо жана мамлекеттик чек араларды жана өткөрүү пункттарынан өтүүдө-чек ара жана бажы көзөмөлүнөн өтүүдөгү коопсуздугу, эл аралык, авиа, темир жол жана авто унаа каттамдары кечиккен убактарда, ошондой эле жеке адамдар тарабынан бир мамлекеттен экинчи мамлекетке барууларында, анын ичинде жеке менчик машиналарында жүрүүсүндөгү көйгөйлөрдү чечүү маселелери келип чыкты.    

Бул-калкты азык-түлүктөр жана биринчи зарылдыктагы товарлар менен мамлекеттин күчү менен камсыздоо, ошондой эле башка башка өлкөлөрдөн алып келүү (же тескерисинче башка өлкөлөргө жеткирүү) маселелеринин жөнгө салынбагандыгы.  

Ошондой эле, зарыл болгон медикаменттер жана медициналык жабдуулар  менен , анын ичинде медициналык колдонуу үчүн автотехникалар, тез жардам кареталарынан тартып, жекече коргонуу каражаттары менен камсыздоо жана жеткирүү маселелери.

Бул- жарандарды өз жумуш орундарын жоготуудан жана эмгек акуу алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуудан коргоо.

Бул – талаптагыдай медициналык жана дарылоо мекемелеринин жоктугу,мыкты даярдыктагы медициналык персоналдын жетишсиздиги,

бул- дарыгерлерге, медициналык персоналга, укук коргоо органдарынын жана сот тутумунун, билим берүү чөйрөсүнүн жана башка категориядагы кызматкерлерге акы төлөө боюнча дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттери туш болушту.

Бул- азык-түлүктөрдү, айыл чарба продукцияларын жан башка биринчи зарылдыктагы товарларды биздин мамлекет аркылуу ташууда, анын ичинде транзиттик тартипте ташууда “жашыл коридорлорду” түзүү”,-деп белгиледи Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов.  .

Токон Мамытов бүгүнкү күндө ачык -айкын болгон көйгөйлөрдү көтөрдү. Бирок, тилекке каршы, алардын тизмеси андан ары кеңейип, COVID-19 коронавирусуна каршы аракеттүү жана натыйжалуу вакцина табылганга чейин уланаарын белгиледи.  

«Бүгүнкү күндө коронавирус менен күрөшүү шартында жана анын биздин мамлекеттерге медициналык, социалдык-экономикалык жана саясий таасирлерин жоюуда биздин институттар адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо кандайдыр бир ийгиликтерге жетишти деп билдирүү жасоо эртелик кылат. Бирок бул биздин институттардын ишмердигинан жыйынтыктары менен бөлүшүп, алдын ала чыгарууга жана алардын ишмердигин координациялоого мүмкүн эмес дегенге жатпайт. КР Акыйкатчы Институту өзүнүн сунгуштарын жазуу жүзүндө жолдогон жана аларды силер тараптан түшүнүү жана колдоого ээ болооруна ишеним билдирет», – деп белгиледи Акыйкатчы.

Токон Мамытов өз сөзүн жыйынтыктап жатып, Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Москальковага жана Казакстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимовага кайрылып, бүгүнкү күндө Россия-Казакстанчек арасында  Кыргызстандын жарандарына байланышкан жагдайга байланыштуу Россияда жана Казакстанда ири калктуу түйүндөрүндө жана артерияларында түзүлгөн жагдайды көз жаздымда калтырбай, жеке көзөмөлүнө алууларын өтүндү.

«Аларга колдоо көрсөтүү, айрыкча укуктарын коргоодо көмөк көрсөтүүнү суранам. Кыргызстандын Акыйкатчы институтуна, биз менен достук мамиледеги  Россия жана Казакстандын аймактарында калган жарандарыбызга алардын Кыргыз Республикасына кайтып келүүсүнө көмөк көрсөтүүңөрдү суранам. Алып айтканда, Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарчасында Казакстан менен чек арада калган жарандарыбыздын кайтып келүүсүнө, ошондой эле Новосибирск шаарынын «Толмачево» аэропортунда убактылуу турушкан жарандарыбызга жардам берет деген ишенимдемин, – деди Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов.

(Омбудсмендердин Евразиялык альянсынын IV отурумунун жүрүшүн толугу менен ушул жерден көрүүгө болот)