КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов COVID-19 боюнча иш алып барып жаткан республикалык жана облустук , райондук штабдардын башчыларынын эсине салды
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов COVID-19 боюнча түзүлгөн Республикалык штабдын жетекчилигине жана облустук жана райондук шатабдарга, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине төмөнкүлөрдү эске салуу менен кайрылды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт. Ал эми Баш мыйзамдын 109-беренесине ылайык, мамлекеттик органдардын уюштурулушу жана иштөө тартиби, ошондой эле алардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери мыйзамдар менен аныкталат.
Белгилеп коюу керек, Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө КР Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына өзгөчө же согуштук абалдын киргизилиши Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишин токтоттурбайт, чектебейт жана токтото албайт”.
Айрыкча белгилеп кетүүчү жагдай, “Өзгөчө кырдаал жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Эгерде өзгөчө абал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен башкача каралбаса, өзгөчө абал киргизилген аймакта комендатураларды түзүү көрсөтүлгөн аймакта иштеп жаткан мамлекеттик органдардын (анын ичинде КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) да) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин токтотпойт..
Мында өзгөчө көңүл буруучу нерсе, КР Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө КР Мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктуна ылайык, “ Омбудсмен (Акыйкатчы) кайсы бир мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына баш ийбейт. Анын ишине кийлигишүүгө, ар кандай жол менен ага таасир кылууга тыюу салынат жана бул үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат”.
Мындан тышкары, КР Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө КР Мыйзамынын 12-беренесинин 1-пунктуна ылайык, “Мамлекеттик бийликтин бардык органдары Омбудсмендин (Акыйкатчынын) тергөө жүргүзүүсүнө жана инспекцияларына тезинен жана артыкчылыктуу тартипте жардам көрсөтүүгө милдеттүү”. КР Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө КР Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишин камсыз кылуу үчүн Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жумушчу аппараты түзүлөт. Аппараттын түзүмү, штаттык ырааттамасы, анын иш тартиби жана уюштурулушу Омбудсмен (Акыйкатчы) тарабынан аныкталат.
Ал эми, КР Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө КР Мыйзамынын 13-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишине же анын тергөө жүргүзүүсүнө кайсы бир уюм, бийлик адамдары, жетекчилер чөйрөсүндөгүлөр, болбосо мамлекеттик бийлик органдарынын кызматтарында иштеген адамдар тарабынан тоскоолдук кылуусу атайын баяндаманын, ошондой эле жыл сайынкы баяндаманын тиешелүү главасындагы эскертүүнүн предмети болушу мүмкүн ошондой эле кылмыш жоопкерчилиги каралган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде,өзгөчө абал учурунда КР Акыйкатчысынын, анын орун басарларынын жана Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын бардык аймагында эркин жүрүүсүн камсыз кылуудан баш тартууга болбостугун эсиңизге салам.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Бишкек шаарынын, Ош шаарынын жана Жалал-Абад шаарларынын коменданттары жана КР ИИМ тарабынан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), анын орун басарларынын жана Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин өзгөчө абал учурунда тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыздоо суралган КР Акыйкатчысынын кайрылуусунда.