КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов алардын жеке турмушуна кийлигишпөө боюнча жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоо маселелери боюнча КР Башкы прокуратурасына кайрылды
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) наамына К. Сооронкулова, С. Токтогазиева жана Р. Карасартова КР жарандарынын жеке турмушуна мыйзамсыз кийлигишүү маселеси боюнча ачык кайрылуу жолдошкон.
Аталган арыз ээлери белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесине ылайык, “Ар бир адам кат-кабар алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот чечиминин негизинде гана жол берилет”. Ачык кайрылууда маалымдалгандай, 2021-жылдын 29-сентябрында К.Сооронкулованын жана Р.Карасартованын Telegram каналдагы аккаунттары бузулган. Жеке жазышуулары жана аудио билдирүүлөрү социалдык тармактарга чыгып кеткен. Ошондой эле С.Токтогазиеванын жана З.Жоошевдин аккаунттары бузулуп, ачылууга дуушар болгон.
Арыз ээлери көрсөтүлгөн жарандардын билдирүүлөрү жана сүйлөшүүлөрү соттун санкциясы жок эле системдүү түрдө көзөмөлдөнүп турат, бул үчүн ыкчам иликтөө иштеринин КР Конституциясы жана мыйзамдарында каралбаган көмүскө усулдары колдонулат деп эсептешет.
КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 109-беренесин жетекчиликке алып, КР Башкы прокуратурасына кайрылып, тиешелүү чараларды көрүү жана КР колдонуудагы мыйзамдарынын алкактарында укуктук баа берүү сунушу менен кайрылган. Акыйкатчы ошондой эле КР Жогорку Кеңешинин Төрагасына, КР ИИМ жана УКМК жетекчилигине да кайрылган.
КР Башкы прокуратурасынан алынган жоопто маалымдалгандай, жазып жоопкерчилигине тартылган шектелүүчүлөр байланышы болушу мүмкүн деп жана кылмышка катыштыгы болушу мүмкүндүгүн аныктоо жана текшерүү үчүн КР ИИМ Тергөө кызматы 2021-жылдын 6-январында 100 адамдын телефондук байланыштарын аныктоо өтүнүчүн Биринчи май райондук сотуна киргизген, сунуш Башкы прокуратуранын өкүлүнүн катышуусунда тергөө судьясы тарабынан канааттандырылган.
КР ЖПК 212-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык “Жазык сот өндүрүшүндө далилдөөгө жаткан шарттарды билүү үчүн, кызыкчылыктары козголгон адамдар жазык сот өндүрүшүнө тартууну маалымдабай туруп, тергөө аракеттери менен муну аныктоо мүмкүн болбогон фактылар жөнүндө маалымат алуу зарыл учурларда, атайын тергөө аракеттери жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (2010-жыл 27-июндагы редакциясы) 29-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ар бир адам кат-кабар алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук дагы бөлөкчө жол менен кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот актысынын негизинде гана жол берилет. Ушундай эле ченемдер КР Конституциясынын 29-беренесинин 3-бөлүгүндө да карлган. атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү зарыл болгондо, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы бул тууралуу прокурорго кабарлоо менен тергөө судьясынын алдында тийиштүү өтүнүчтү козгойт. Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан өтүнүч киргизүүдө жана жогоруда көрсөтүлгөн соттук чечимди кабыл алууда эч кандай укук бузууга жол коюлган эмес. Бардык аракеттер КР ЖПК талаптарына ылайык жүргүзүлгөн”-деп жазылган Башкы прокуратуранын жообунда.
Акыйкатчы Токон Мамытов Башкы прокуратурага кайрадан кайрылып, чындыгында эле тергөө судьясы көрсөтүлгөн 100 саясатчыга : депутаттарга жана партия активисттерине, соттук актыда көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын алардын өзгөчө укуктук статусун эске алуу менен материалдар иликтенип чыкканбы? Тергөө судьясына КР ИИМ тергөөчүлөрү тарабынан республикабыздын 100 жаранын тыңшоого негиз болуучу жетишээрлик материалдар берилгенби?- деген суроону койду КР Акыйкатчысы.