КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдарына карата тартиптик өндүрүш ишин козгоону суранат
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушевге Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) жашы жете электердин укуктарын коргоо боюнча ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу фактыларын камтыган көңүл буруу актысын жөнөттү жана Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу кызматкерлерине карата тартиптик өндүрүш иш козгоону суранды. Анда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) негизги милдеттери адамдын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына, анын ичинде балдардын укуктарын коргоого байланыштуу кырдаалга дайыма мониторинг жүргүзүү жана анализ кылуу деп белгиленген.
Балдар кодексинин 17-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле мамлекеттик аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, соттор, прокуратура, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылууну жүзөгө ашырат.
Буга чейин социалдык тармактарда тарбиялануучу И.Якунин Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон деген маалымат жарыяланган. Ошондой эле Якунин Богдандын адвокаты (каза болгон баланын бир тууганы) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) арыз менен кайрылган. Бул иш коомдо чоң резонанс жаратты жана аталган иш Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жеке көзөмөлүндө.
2021 -жылдын 24 -июнунда Военно-Антоновка балдар үйүнүн кызматкерлери, тактап айтканда директордун орун басары Галина Андрусова, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары Г.Жамгырчиеванын балдар үйүнө кирүүсүнө тоскоол болгон. Ал тарабынан кемсинткен сөздөр айтылган. Ошентип, агрессивдүү маанайдагы Г.Андрусова Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары Г.Жамгырчиеванын буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү КР ЖК депутаттары А.Мамашева, Б.Аманова, Акыйкатчынын орун басары Г.Жамгырчиеванын сезимдерин башкарууга аракет кылды. Балдар үйүнүн башчысынын орун басары Билим берүү министринин уруксатсыз адамдардын мекемеге кирүүсүнө жол бербөө тууралуу оозеки буйругун айтып, балдар менен имараттын ичине бекинип алган. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ведомстволор аралык комиссия түзүү боюнча буйругу болгонуна карабастан, Г. Андрусова тарабынан тоскоолдук Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү жана мекеменин директорунун милдетин аткаруучу М.Молдобаева келгенге чейин уланган.
Белгилей кетүү керек, “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” КР мыйзамынын 12-беренесинин 2 -бөлүгүнө ылайык, даттанууну текшерүү жана ал боюнча тергөөнүн жүрүшүндө же ээлеген кызматына жараша Омбудсмен (Акыйкатчы) жасаган иш-аракеттерде анын орун басарлары, болбосо ал иш сапарына жөнөткөн адам ар кандай мамлекеттик органга, мекемеге же ведомствого жеке өзү келе алат жана керек болгон бардык маалыматтар менен таанышып, тиешелүү адамдар менен аңгемелеше алат, ошондой эле зарыл болгон бардык документтерди изилдеп-иликтей алат.
Мындан тышкары, “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” КР мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик бийликтин бардык органдары Омбудсмендин (Акыйкатчынын) тергөө жүргүзүүсүнө жана инспекцияларына тезинен жана артыкчылыктуу тартипте жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
Ошону менен катар белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” мыйзамынын 13-беренесине ылайык, Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишине же анын тергөө жүргүзүүсүнө кайсы бир уюм, бийлик адамдары, жетекчилер чөйрөсүндөгүлөр, болбосо мамлекеттик бийлик органдарынын кызматтарында иштеген адамдар тарабынан тоскоолдук кылуусу атайын баяндаманын, ошондой эле Акыйкатчынын жылдык баяндамасынын тиешелүү главасындагы эскертүүнүн заты болушу мүмкүн.
Жогоруда айтылган факт боюнча 2021 -жылдын 25 -июнунда чыг. № 10/2178 менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппараты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине сунуш киргизген.
Акыйкатчынын (Омбудсмендин) аппараты тарабынан белгиленген мөөнөттө жогоруда айтылган сунушка жооп берилбеши жана жооп берүү мөөнөтүнүн узартылгандыгы жөнүндө билдирүүнүн жоктугу жана жооп берүүдөн баш тартуу.Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын ишине тоскоолдук кылуу катары каралат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде жана. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 109-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3, 8-1, 8-2, 10, 12-беренелерин жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов КР Башкы прокуратурасынан кызмат адамдарына тартиптик жоопкерчиликке тартууну жана ченемдик укуктук актылардын ченемдеринин бузууларын жоюуну сунуштады.