КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты административдик мамлекеттик улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты административдик улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
Улук административдик кызмат орундарынын тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;;
2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
Улук административдик кызмат орундарынын тобу үчүн квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку кесиптик билиминин багыты боюнча: юриспруденция.
Стажы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы болушу керек.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Билүүсү:
– Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин;
– Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин;
– Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин;
– Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө: «Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө»; «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды
камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсү.
Билгичтиги:
– маалыматты жыйноо, талдоо, системдештирүү жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны тажрыйбада колдонуу;
– кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуусу;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү;
– эмгектин жаңы шарттарына адаптацияланышы;
– логин жана пароль кое билүүсү;
– компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоосу;
– презентацияларды уюштуруу;
– маалыматтарды таблица, диаграмма жана график түрүндө бере билүүсү;
–тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлордо иштей алуусу;
– файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө (кайра атоо, көчүрүү, жылдыруу, өчүрүү жана калыбына келтирүү);
– сырткы перифериялык жабдууларды тутуаштыруу;
– дисктик мейкиндикти тазалоо (архивдөө);
– электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
– издөө тутумун колдонуу;
– ар кайсы браузерлер менен иштөө;
– кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда кылдат өз ара аракеттенүү;
– маалыматтарды таблиц, диаграмма жана графика түрүндө бере билүүсү;
– КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдары менен колдоно билүүсү;
– веб-конференц-байланыш уюштуруу тиркемелери менен колдонуу;
– для хранения, доставки и показа видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерди колдонуу ;
– текстти оңдоо жана редакциялоо;
– офистик техника менен иштөө (көчүрүү аппараттары, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс).
Көндүмдөр:
– жарандарды кабыл алууну жүргүзүү, укуктук жардам көрсөтүү;
– өндүрүшкө кабыл алуу, жарандардын, чет өлкөлүктөрдүн жана жарандыгы жок адамдардын укук бузуулары жөнүндө арыздарын жана даттанууларын кароо;
– Жазык-аткаруу тутумунун жана алдын ала кармоо жайларынын органдарынын жана мекемелеринин ишмердигине мониторинг жүргүзүү;
– Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин бузулуу фактылары жөнүндө маалыматты даярдоо;
– көңүл буруу актыларын, пресс-релиздерди даярдоо;
– жабык мекемелердеги жарандардын укуктарынын сакталуусун талдоо, маалыматтык-аналитикалык материалдарды, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине адамдын жана жарандын укуктарынын абалы жөнүндө атайын баяндамаларды даярдоо;
– адамдын жана жарандын укуктарын бузган кызмат адамдарына карата тартиптик же административдик өндүрүш козгоо жөнүндө тиешелүү органдарга Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) сунуштамаларын даярдоо;
– эркинен ажыратуу же чектөө жайларындагы адамдарга укуктук жардам көрсөтүү;
– КР ЧУАларын Конституцияга жана укук колдонуу тажрыйбасына шайкештигин талдоо. Өркүндөтүү боюнча сунуштарды ЧУА долбоорлору катары берүү;
– адам укуктары боюнча ратификацияланган эл аралык келишимдердин алкактарында, БУУ системасынын органдарынын сунуштамаларынын алкагында Кыргызстандын милдеттенмелеринин аткарылышына сереп жана жыйынтыкталган аналитикалык документти даярдоо;
– жалпы жагдай боюнча жалпы мониторинг жүргүзүү, атайын мониторинг – арыз боюнча же адам укуктарынын сакталышынын айрым маселелери боюнча абалды иликтөө үчүн кайталап мониторинг жүргүзүү;
– мамлекеттик органдарды жана ЖӨБ органдарынын ишмердиги боюнча инспектирлөө жүргүзүү;
–Акыйкатчынын жылдык жана атайын баяндамаларына материалдарды даярдоого катышуу;
– эл аралык келишимдерди денонсациялоо, эл аралык келишимдердин аракетин токтото туруу же аларды түзүү боюнча сунуштарды даярдоо;
– ишти пландаштыруу жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
– жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу;
– ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– аналитикалык, стратегиялык документтерди даярдоо.
Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн квалификациялык талаптар:
Кесиптик билимдин деңгээли:
– кесиптик жогорку билим юриспруденция багыты боюнча.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Билүүсү:
– Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексин;
– Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин;
– Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин;
– “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, «Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө»; «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды
камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсү.
Билгичтиги:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматты, суроо-талапка жоопторду сапаттуу даярдоо;
– тийиштүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык ишмердүүлүктө колдонуу;
– өз ишмерпдигин кызматтык милдеттерине ылайык натыйжалуу пландоосу;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
– мамлекеттик жана/же расмий тилде иштиктүү кат жазышуу;
–командада иштей алуусу;
– логин жана пароль кое алуусу;
– компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо;
– презентацияларды уюштуруу;
– маалыматтарды таблица, диаграмма жана графика түрүндө берүү;
Тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлордо иштөө;
– файлдар жана папкаларды түзүү жана иштөө (кайра атоо. көчүрүү, жылдыруу, өчүрүү жана калыбына келтирүү);
– сырткы перифериялык жабдууларды туташтыруу;
– дисктик мейкиндиктерди тазалоо (архивдөө);
– электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
– издөө тутумун колдонуу;
– ар кайсы браузерлер менен иштөө;
– кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда кылдат өз ара аракет;
– маалыматтарды таблица, диаграмма жана графика түрүндө берүү;
– КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутуму менен колдонуу;
–веб-конференц-байланыш уюштуруу тиркемелеринен колдонуу;
–веб-тиркемелерди видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн колдонуу;
– текстти оңдоо жана редакциялоо;
– офистик техника менен иштөө (көчүрүү аппараттары, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс).
Көндүмдөр:
– ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларпды практикада колдонуу;
– аналитикалык, стратегиялык документтерди даярдоо;
–ар жылдык жана атайын баяндамаларга материалдарды даярдоо ;
– жарандардын кайрылууларын кароо;
– вжетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди өткөрүү керек:
– өз арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баян (соттуулуктун бар же жоктугун көрсөтүү менен);
– негизги жана кошумча билимди тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү, (эгер болсо), нотариалдык же соңку иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлүшү керек;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштеген стажы бар болсо), нотариалдык же соңку иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлүшү керек;
– окумуштуулук даража же окумуштуулук наам берилгени жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
–паспорттун көчүрмөсү.
Конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин жүргүзүлөт.Дареги: Бишкек ш., Тыныстанов көчөсү 120, 207-кабинет, тел.: 663297.