КР Акыйкатчы институту кыйноо колдонгон беш милиционердин кызматтан четтетилиши жана бөгөт коюу чарасын өзгөртүү зарыл деп эсептейт
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратынын өндүрүшүндө 2019-жылдан бери Ш.Г.нын арызы каралып келет. Ал арызды уулу Н.А.нын кызыкчылыгы үчүн жазган. Арыздануучу 1993-ж.т. уулуна Жалал-Абад облусунун ИИБнын Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кыйноо фактысы болгонун айткан
Бул кайрылууну кароонун жүрүшүндө 2019-жылдын 2-апрелинде Н.А. баңгизатын сатууга шектелип кармалганы, бирок, кармалган Н.А. күнөөсүн мойнуна алган эмес жана бул тууралуу 2019-жылдын 4-апрелинде Жалал-Абад шаардык сотунда бөгөт коюу чарасын кароо учурунда милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынгандыгы боюнча Жалал-Абад облусунун прокуратурасына арыз менен кайрылганын, ага күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн атайылап баңги заты ташталганын айтканы аныкталган.
Ошол эле күнү кыйноо колдонуу фактысы, КР Жазык кодексинин «Кыйноо» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тергөө 2 жылга созулган. Алгач сотко чейинки өндүрүштү Жалал-Абад облусу боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгы жүргүзүп, андан соң Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
Соттук-медициналык жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизанын корутундусуна ылайык, А.Н.га карата кыйноолорду колдонуу фактылары аныкталган жана тастыкталган.
Ошол эле учурда Н.А.нын кыйноонун айынан аргасыздан күнөөнү мойнуна алган көрсөтмөсүнө карабастан, Токтогул райондук соту аны КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү менен айыптап, 110 миң сом айып салуу менен 10 жылга эркинен ажыраткан.
2021-жылдын 23-ноябрында тергөө тарабынан кылмыштын негизинде айыптоо корутундусу бекитилген. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 143 б. 2 б. 3 п (Кыйноо, 2017-жылдын 2-февралындагы №19 редакциясы) жана 320-б 2-б 2 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 2017-жылдын 2-февралындагы №19 редакциясы) менен кылмыш ишинин материалдары Жалал-Абад шаардык сотуна өткөрүлүп берилген.
2021-жылдын 15-декабрында аталган сотко КР Акыйкатчысынын өкүлчүлүгүнүн кызматкери соттук отурумга мониторинг жүргүзүү үчүн барган, бирок ал мамлекеттик айыптоочу-прокуратуранын өкүлү келбегенинен сот отуруму болбой калган. Ошондой эле, сот отурумуна кыйноо фактысын колдонууда айыпталып жаткан беш милиционердин бири- учурда Токмок шаарынын ИИБсында иштеп жаткан милиция Ошондой эле милиция кызматкерлеринин экөө Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында ишин улантып жатканына көңүл бурушкан эмес.
Адамдын конституциялык укуктарын коргоо жана сактоо боюнча улуттук мамлекеттик орган катары Акыйкатчы аппараты бул милиция кызматкерлерин камакка алууну, ошондой эле соттук териштирүү аяктаганга чейин ээлеген кызматынан токтоосуз четтетилишин талап кылат.
Мамлекеттик айыптоочунун соттук териштирүүгө келбегендиги фактысы боюнча Акыйкатчы аппараты Жалал-Абад облустук прокуратурасына кызматтык иликтөө жүргүзүү, андан соң тиешелүү жаза чараларын көрүү өтүнүчү менен сунуш киргизген.
Белгилей кетсек, буга чейин да КР Акыйкатчы институту тарабынан айыпталып жаткан милициянын ыкчам кызматкерлерине карата мыйзамдуу сот актысы чыкканга чейин кызматтан четтетүү жана камакка алуу боюнча КР Ички иштер министрине, Жалал-Абад шаардык прокуратурага жана Жалал-Абад облусунун областтык прокуроруна, ошондой эле түздөн-түз ишти карай турган судьяга сунуштарды жолдогон.
Милиция кызматкерлерине карата коюлуп жаткан беренелер "оор кылмыштар" категориясына киргендиктен, алар соттон качып же күбөлөрдү (анын ичинде арыз ээсине, кыйноонун курмандыктарынын жакындарына же башка катышуучуларды) коркутууга барышы, же мүмкүн болуучу аныктоочу далилдерди жок кылышы, ошондой эле соттун калыс өтүшүнө тоскоол болушу ыктымал деген реалдуу коркунучтар бар экенин эске алуу кажет.
Акыйкатчы аппараты бул иш аягына чыкканча көзөмөлгө алат.