КР Акыйкатчы институту бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилерин мажбурлоо же коркутуу жолу менен ваксинация жүргүзүүдөн алыс болууга чакырат
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун алдындагы «115 шыр байланыш» кызматына республиканын бардык аймактарынан кайрылышып, учурда КР Министрлер кабинети тарабынан уюштурулган коронавирус илдетинин жайылып жаткандыгына байланыштуу азыркы учурда адамдарга ваксинация жүргүзүү айрым жетекчилер тарабынан мажбурлоо ыкмасы менен болуп жатканын айтышып арыздангандар көп болууда. Кайрылгандардын көбүнун айтымында: «Бизди жетекчилик ваксинация албасанар жумуштан бошотобуз, айлыгынарды кыскартабыз"- деген кысымдар болуп жаткандыгын, ал эми, алар аталган вакцинацияны алгылары келбегендигин билдиришуудо.
"115 шыр байланыш" кызматына келген көптөгөн кайрылууларды жана телефон чалууларды эске алып, КР Акыйкатчы институту бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилерин мажбурлоо же коркутуу жолу менен ваксинация жүргүзүүдөн алыс болууга чакырат. Ошондой эле, мындай мажбурлоо фактылары аныкталган учурларда мыйзамда каралган жоопкерчиликке тартылаарын эскертет. Ошол эле учурда, ваксинация алуу - бул адамдардын ден соолугунун коопсуздугу учун бүткүл дүйнө мамлекеттеринин бирдиктуу саясаты, максаты, бүтүндөй калктын ден-соолугуна кам коруу экендигин эске алуубуз зарыл.
Ар бир адам өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, жакындарынын ден соолугунун коопсуздугун, ошондой эле айланасындагы адамдардын бул коркунучтуу илдетти жуктуруп алуу коркунучун ойлоп, илдетке каршы ваксинацияны алуу туура кадам экендигине кошулабыз. Акыйкатчы институту жарандар ваксинацияны алууга мажбурлоо жолу менен эмес, оз ыктыярдуулугу менен барышы үчүн активдүү үгүт иштерин жүргүзүүнү, такталган расмий маалыматтарды жайылтуу жана маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жагын уюштурууну КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык онуктуруу министрлигине сунуштайт.
Эгерде бул процесс жарандарга карата коркутуу же мажбурлоо мүнөзүндө болуп жатса, анда укук коргоо органдары ага катышкан адамдардын иш аракетине баа береши кажет. Мажбурлоого, коркутууга кабылган жаран тиешелүү мамлекеттик органдарга расмий түрдө кайрылуулары туура. Эмдоолор адамдын өз ыктыяры менен жасалаарын белгилоо менен биргеликте, эгерде укук коргоо органдары тийиштүү чара көрбөгөн учурларда Акыйкатчы институтуна арыз менен кайрылууга укуктары бар экендигин билдирет.