КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Бишкек ШИИББ УКЖга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгын чыгарышты

24/11/2020 - 14:02

20-ноябрда КР Акыйкатчы институтунун кызматкерлери КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК демилгеси менен өткөрүлгөн жумушчу жолугушууга катышышты. Жолугушууга ИИМ өкүлдөрү жана “Юристтер адам укуктары үчүн” коомдук фондунун өкүлдөрү да катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө ушул жылдын 18-ноябрында КР Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү жана “Юристтер адам укуктары үчүн” коомдук фондунун эксперттери тарабынан Бишкек ШИИББ УКЖ жүргүзүлгөн  мониторингдин жыйынтыктары сунушталды.  

Анда белгиленгендей, мониторинг жүргүзүү учурунда Бишкек ШИИББ УКЖда 100 адам болгон, убактылуу кармоочу жайдын кубаттуулугу 60 адамдан ашпоого ылайыкталган. Шектелгендер жана айыпталгандар бир жумадан үч жумага чейин кармалып турушкан. Ошондой эле шаардагы райондук милиция бөлүмдөрүнүн алдын ала кармоочу камералары да толтура болгон. Убактылуу кармоочу жайлардын инфраструктуралары адамдарды 48 саатка чейин эле, сот тарабынан бөгөт коюу чарасы тандалып алынганга чейин эле кармоого ылайыкташкан.  

Абал CoViD-19 коронавирусун болтурбоо максатында изоляциялоо-чектөө шарттарын түзүүгө мүмкүнчүлүктүн жоктугу менен да татаалданат. Мында кармоочу жайлар суук жана сыз. Термометр жана гигрометрлер жок, микроклиматтын (жылуулук жана нымдуулук) көрсөткүчтөрү жазып турулбайт.  Ушул жылдын апрель айынан ноябрь айына чейин документтерге ылайык, УКЖда CoViD-19 коронавирусун  шектелгендер жана айыпталгандар арасында жуккан учурлары тууралуу документтерде камтылган эмес. Мониторинг жүргүзүү тобу барган учурда  пневмония менен жабыркаган 4 учур аныкталган, алардын ичинен 2 –адам дем кыстыгуу көрүнүштөрү менен, 1 адам оор абалда (дем алуу оор болгонунан кыйынчылык менен сүйлөгөн). Бул учурларды эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлгөн эмес.  

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, соңку учурда УКЖда “пневмония” диагнозу менен 14 адам турган. ШИИББ УКЖ фельдшери CoViD-19 коронавирус инфекциясын болтурбоо маселеси боюнча, илдеттин этиологиясы, жугуу жолдору, диагностика жана ооруунун өрчүшүнүн клиникалык белгилери, оору аныкталган учурда аракеттенүү алгоритми боюнча  окутуудан өткөрүлгөн эмес.

ИИББде камералардын толуп кетүүсү да Бишкектеги  №1 ТИЗОдо бөгөт коюу чарасы абакта кармалууга сот тарабынан чечим кабыл алынган адамдарды этаптоодо чараларды катаалданткан себебинен келип чыккан. Бишкек ШИИББ УКЖдан  КР ЖАМК №1 ТИЗОсуна  адамдарды жөнөтүүдө медициналык кароодон өткөрүлөт, өпкөгө рентгенограмма жүргүзүлөт, пневмония белгилери аныкталганда, кайрадан УКЖга жөнөтүлөт. Бул аргасыз чара, анткени ЖАМК мекемелеринде коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо үчүн жана УКЖда олтурган адамдарды дарылоого жарандык саламаттык сактоо секторун тартуу максатында аргасыздан жасалууда.  

Мурда, августта КР Акыйкатчысы КР Жогорку сотуна кайрылып, CoViD-19 коронавирус инфекциясынын жайылып кетпеши үчүн шектелгендер жана айыпталгандар үчүн камакта кармоо менен байланышпаган бөгөт коюу чарасын тандоо зарылдыгын белгилеген.   Ал эми Жогорку сот 2020-жылдын 7-сентябрындагы өзүнүн жообунда “бөгөт коюу чарасын камакта кармоону жеңилирээк башка түргө алмаштыруу үчүн пандемия негиз боло албастыгын” белгилеген.

2019-жылы сот органдары тарабынан  90,7% учурларда камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынган. Ал эми “күрөө” түрүндөгү бөгөт коюу чарасы бир да жолу тандалган эмес. «Камакта кармоо» шектелгендер жана айыпталгандар үчүн милдеттүү бөгөт коюу чарасы болуп эсептелбейт. Соттор “камакка алуу” түрүндөгү бөгөт коюу чарасын  КР ЖПКда көрсөтүлгөн ченемдерди, ошондой эле  CoViD-19 пандемиясынын адамдардын саламаттыгына жана өмүрүнө коркунуч алып келүүчү кесепеттерин эске алуу менен тандоого тийиш эле.  

Мамлекеттик органдар менен өз ара аракетти чыңдоо максатында жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө чогуу аракеттенүү максатында, ошондой эле жабык мекемелерде кармалган адамдардын укуктарын коргоо максатында, аталган жумушчу жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

1.       КР ИИМ, КР Саламаттык сактоо министрлиги жана КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК медициналык кызматкерлеринин аракеттеринин бирдиктүү план-алгоритмдерин тез арада иштеп чыгуу жана макулдашуу. Бирдиктүү план/алгоритм ИИББ УКЖ жана  ТИЗОго киргизүүдө инфекциялык коопсуздук шарттары боюнча чараларды, ТИЗОго жана ИИМ изоляторлорунун өздүк курамы үчүн зарыл болгон антисептиктин эсебин чыгарууда,  CoViD-19 пневмониясына кабылган бейтаптарды  экстрендик госпитализациялоодо, абалды ведомстволор аралык мониторингдөөдө зарыл чараларды камтыйт.

2.        Аракеттердин бирдиктүү планын/ алгоритмин ишке ашыруу боюнча ИИМ, ЖАМК жана Саламаттык сактоо министрлигине көмөк көрсөтүү үчүн CoViD-19  менен күрөшүү боюнча Башкы штабга кайрылуу.  

P.S. Материалды жарыялоо учурунда белгилүү болгондой, ШИИББ УКЖда пневмония менен жабыркагандардын саны 22 кишиге жеткен.