КР Акыйкатчы аппараты РПСБ бейтабынын туугандарын табууга жардам берди
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык психикалык ден-соолук борборунун директору У.Исмаилов Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппаратынын психиатриялык ооруканалардагы бейтаптардын укуктарын коргоо боюнча кызматына 1992-жылы туулган Э.Ж.аттуу жарандын кызыкчылыгы боюнча кайрылган.
Э.Ж.ны РПСБнын биринчи бөлүмүнүн нөөмөтчү дарыгери ооруканага жаткырган, ал тез жардам кызматы менен ооруканага келген эле. Милиция кызматкеринин отчётуна жана психиатриялык тез жардам бригадасынын дарыгеринин атынан жазылган коштоочу баракчага ылайык, бейтап П. Лумумба көчөсүндө, аскер институтунан анча алыс эмес жерде табылган. Дарылануу учурунда бейтап Э.Ж., психикалык ден-соолугунун абалынын начардыгына байланыштуу, жашаган жери боюнча так түшүндүрмө бере алган эмес, өздүк маалыматтарын атап, же жакын туугандарын да айта албаган, болгону ал Жалал-Абад шаарында туулганы, бирок Бишкек шаарынын "эски толчок" аймагында жашарын айткан. РПСБ дарыгерлери Э.Ж. айткан дарек боюнча алып чыгышса, бейтап өзүнүн жашаган жерин таба алган эмес.
Дарылануу учурунда анын туугандарынан эч кандай суроо-талап же издөө болгон эмес. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты бейтаптын инсандыгын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине бейтапты психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге жайгаштырууга көмөктөшүү өтүнүчү менен, ошондой эле Э.Жнын туугандарын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өлкөнүн мыйзамдарынын чегинде издөө максатында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына тиешелүү кайрылууларды жөнөткөн. Бирок, узак убакыт бою бул бейтаптын жана анын жакын туугандарынын ким экендигин аныктоого жардам бере турган натыйжалар болгон эмес. Э.Жнын жарандын жашаган жеринен райондук / шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмдөрүнөн жолдомо жоктугуна, ошондой эле ID-паспортунун жоктугуна ж.б. байланыштуу тармактык социалдык стационардык мекемеге (ССМ) жайгаштырууга мүмкүн болгон эмес. “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” мыйзамдын 8-беренесине ылайык, расалык же этностук теги, улуттук таандыгы, саясий, диний же философиялык көз караштары жана ден соолугуна, сексуалдык адатына ушул факторлорду ачыкка чыгаруу максатында гана тийиштүү жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого жана колдонууга тыюу салынат. Андыктан, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренесин, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" мыйзамынын 12 жана 8-беренелерин жетекчиликке алып, Акыйкатчы институту Бишкек шаарынын прокуратурасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына жакын туугандарын табууга көмөктөшүү үчүн көрсөтмө жана макулдук берүү өтүнүчү менен кат жөнөткөн. Э.Ж.нын психикалык ден соолугунун абалынын начардыгына, турмуштук оор кырдаалга туш болгонуна байланыштуу жакын туугандарын маалымат каражаттары аркылуу издебесе болбойт эле.
2020-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарынын прокуратурасы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына Э.Ж. жана анын жакын туугандарын издөө жана өздүгүн тактоого көмөктөшүү боюнча кайрылуу жөнөткөн. 2020-жылдын 10-ноябрында Кыргызстандагы айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына Э.Ж.нын туугандарын издөө жөнүндө макала жарыяланган. Мындан кийин анын энеси көптөн бери издеп жүргөнү белгилүү болгон. Бардык керектүү документтер толтурулгандан кийин Э.Ж. үйүнө кайтты. Э.Ж. нын энеси уулун үй-бүлөсүнө кайтарып берүүдө көрсөткөн жардамы үчүн Акыйкатчы кеңсесинин кызматкерлерине чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди.