Эркектер үчүн түзөтүү колонияларында саламаттыкты сактоо укуктарынын абалы тууралуу иликтөө

15/03/2019 - 12:12

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын эркиндиги чектелген жайларда жана эркинен ажыратуучу жайларда укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарынын сакталышы боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан 2018-жылы Чүй облусунун түзөтүү колонияларында кармалгандардын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү.

Ден соолукка жана психикалык саламаттыкка укуктардын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн алкактарында мониторингдик топ пенитенциардык тутумдун 8 мекемесине барышты(КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын №1,3,8,10,16,27,31,47  мекемелери).

Иликтөө учурунда белгилүү болгондой, түзөтүү мекемелеринде эң оорулар ашказан ичеги оорулары – ашказан жарасы,  гастрит, холецистит, С гепатити, боор циррозу, заара каналдарындагы таш жана өттөгү таш оорулары, гипертониялык дарттар,  геморрой ж.б..

Эркектер үчүн түзөтүү мекемелеринин медициналык персоналы медициналык тейлөөлөрдүн негизги практикасынан обочолонуп калган, алар окуганга жана квалификациясын жогорулатууга тийиштүү мүмкүнчүлүгү жок.  Соттолгондордун саламаттыгын сактоо боюнча ишмердикти жүргүзгөн персонал түздөн-түз жетекчиликке алган укуктук актылар, колдонуудагы клиникалык колдонмолор/протоколдор жана далилдөө медицинасынын принциптери менен шайкеш келебейт.  

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын пенитенциардык тутумунун медициналык кызматы ведомстволук принцип боюнча түзүлгөн, ЖАМК администрациясына баш ийүүдө турат жана пенитенциардык тутумдагы бардык дарылоо-профилактикалык иш чараларга жооп берет. Уюштуруучулук жагынан ЖАМКнын медициналык кызматы жарандык сектордогу саламаттык сактоо менен байланышта эмес, башкача айтканда ал саламаттык сактоонун жалпы тутуму менен параллель иштейт.

Ошентип, жалпы тыянак: учурдагы материалдык-техникалык база талаптагыдай деңгээлде медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзбөйт, медициналык кызматкерлердин ишине кыйынчылыктарды жаратат жана көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын төмөндөтөт.

Мониторингдин жыйынтыктары, анын негизинде иштелип чыккан тыянактар жана сунуштамалар Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө КР Мыйзамына ылайык Атайын баяндама түрүндө даярдалды.  Мындан тышкары, бул изилдөө эркиндигинен ажыраткан жана эркиндиги чектелген жайлардагы адамдардын укуктарынын сакталышынын маселелерине арналган ар кандай форумдардагы талкуулардын өзөгү болот. Атайын баяндамадагы сунуштамалар аткарылган шартта,  абактагы адамдардын саламаттыгын сактоо боюнча абал оң жагына өзгөрөт деп айтууга болот.