Эмне үчүн Кыргызстанда жаза өтөп жаткан жарандарга паспорт берилбейт?

03/07/2019 - 14:11

КР институтуна КР Өкмөтүнүн алдындагы ЖАМК (жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы) жана МКК (мамлекеттик каттоо кызматы) тийиштүү кызматкерлери жаза өтөп жаткан жарандарга паспорт менен камсыз кылбай жатканына нааразы болгондор көп. Алар бул боюнча оозеки дагы, кат түрүндө дагы айтып келет. А бул жаза өтөп жаткандардын үй-бүлөсү, балдары, туугандары менен жолугууга тоскоол болуп жаткандан тышкары алардын өздүгүн тактаган паспортунун жоктугунан улам, башка укуктук бузууларга, карама-каршы кырдаалдарга, адаттан тыш окуяларга себеп болушу ыктымал.

Мисал үчүн, жазаланган Ж.Б., паспорту жок УКМК ТИЗО бир жылдан ашык жаткан. Ал учурда өздүгүн тактаган документи жок №47 түзөтүүчү колонияда жаза өтөп жатат. Ж.Б.,паспорту жок болгондуктан анын кызыкчылыгын жана укугун коргогон жактоочуга тийиштүү ишеним катын бере албайт. Ж.Б., паспорт менен камсыз кылуу боюнча туугандарынын суранычы тийиштүү мамлекеттик органдар (ЖАМК жана МКК) тарабынан четке кагылган.

Буга байланыштуу, Укук коргоо органдары тарабынан эркиндиги чектелген жайлардагы жарандардын укуктарын көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлеринде айрым суроолор пайда болду: 1) Кантип адамдын өздүгүн аныктабай туруп ага күнөөнү мойнуна койуп, өкүм чыгарууга болот? 2) Эмне үчүн бул боштук тергөөчүлөрдү дагы, прокурорлорду дагы, Бишкек ш. сотторун дагы кызыктырган эмес?

МКК калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти Акыйкатчы өкүлдөрүнө берген жообунда, жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелери менен тиешелүү өз ара аракеттенүүлөрдүн регламентин макулдаша албагандыктан, жалпы жарандык паспортту жаза өтөп жаткандарга бере албай тургандарын билдиришкен.

Тактап айтканда, мындай түшүндүрмө берилген: 2019-ж 15-мартында Департамент Мамлекеттик каттоо кызматына жана Юстиция министрлигине мындан ары макулдашууга жана ырастоого Регламенттин долбоорун жөнөткөн, бирок МКК белгисиз себептер менен ушул убакка чейин кандайдыр бир сунуштарды жана толуктоолорду бере элек, ошол себептен КР жаза өтөп жаткан жарандарына документ берүү маселесин кароо кабыл алынбайт.

ЖАМК болсо МКК жаза өтөп жаткан жарандарга документ берүүгө ылайыктуу инструкция жок үчүн бере албай келишет деп түшүндүрүштү.

Буга байланыштуу, КР Акыйкатчысы КР МКК жетекчилигине тезинен жана милдетүү түрдө бул фактыга көңүл буруп, тез арада жаза өтөп жаткан жарандардарга паспорт берүү анын ичинде Ж.Б, паспорт берүү маселесин чечиши керектигин суранды.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп иш алып барат деген ишеничтебиз.