Эмгек кодексинин ченемдерин бузуу фактысы КР Акыйкатчысынын өкүлчүлүгүнүн кийлигишүүсүндө четтетилди

22/12/2021 - 12:51

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнө, Кара-Суу шаарынын тургуну Ш. Ж. арыз менен кайрылган.

Ал арызында: “Юлдашева Матлюба Кара-Суу шаарындагы  №67  З.Бабур атындагы орто мектепбинде “соцпедагог” жана кыргыз тили предметинин мугалими болуп иштеп туруп, ошол эле мезгилде Кара-Суу шаарындагы  ДЮСШОР мектебинде директордун орун басары жана 2021-жылдын 2-августунан тартып директордун милдетин аткаруучу болуп иштеп жатат. Бирок мектепте ар кандай интригаларды жасап, мугалимдердин артынан түшүп, кугунтуктоолорду жүргүзүп, окуучуларга сапаттуу билим берилбей жатат. Ал мектептин директорунун орун басары А.Холматовду кызматынан эч кандай себепсиз кетирген. Бул фактыларбоюнча  Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басарына жана Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Машраповага арыз менен кайрылганын, бирок ушул күнгө чейин эч кандай жыйынтык чыкпай жаткандыгын” маалымдаган. Ошондуктан КР Акыйкатчысынын наамына кайрылууга аргасыз болгонун жазган.

Аталган факты боюнча иликтөө жүргүзүп, Ош областтык прокуратурасына 2021-жылдын 2-ноябрында суроо-талап жиберилген, ушундай суроо-талап 2021-жылдын 2-ноябрында Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Ногоевдин наамына  да жөнөтүлгөн.

Ош областык прокуратурасынан алынган жоопто Ш. Ж. арызында көрсөтүлгөн дооматтарын ар тараптуу текшерүү жүргүзүү үчүн Кара-Суу райондук прокуратурасына  жиберилгендигин маалымдаган. Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан Ж.Ш. арызы боюнча Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын наамына жана Кара-Суу райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директорунун наамына ченемдик- укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө сунуштама келтиргендигин маалымдайт.

        2021-жылдын 14-декабрында Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн кезексиз Кенешмесинде Ш. Ж.нын катышуусунда арызда көрсөтүлгөн мектептин социалдык педагогу жана кыргыз тили мугалими М. Юлдашеванын 2021-жылдын 2-августунан 10-ноябрына чейин бир эле учурда эки мекемеде иштегендиги жана ал буга чейин башка мекемеде иштеп жаткандыгын жаап-жашырып, туура эмес маалыматтарды берип жүргөндүгү аныкталган. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 10-пунктунда көрсөтүлгөндөй өзүнүн башка мекемеде айкалыштырып иштеп жаткандыгын жаап-жашырып жалган маалыматтарды бергендиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 300-беренесинин талаптарын аткарбагандыгы үчүн, Кара-Суу райондук прокуратурасынын 2021-жылдын 8-декабрындагы сунуштамасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 156-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кара-Суу шаарындагы №67 З. Бабур атындагы орто мектебинин 2021-жылдагы №99 сандуу буйругунун негизинде М.Юлдашева ээлеген кызматынан чететилгендигин Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү КР Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнө маалымдаган.   

 КР Акыйкатчысынын өкүлчүлүгү тарабынан иликтөө иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында Ш. Ж. арызында көрсөтүлгөн маселеси толугу менен чечилген.