Депортациянын ордуна айып пул. Россияда кыргызстандык мигранттардын абалын жеңилдетишет

17/06/2023 - 14:08

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жана Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова видео байланыш аркылуу сүйлөштү.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын жарандарынын укуктарын жалпы таанылган принциптер жана эл аралык укуктардын нормаларына ылайык коргоо жаатындагы кызматташтыкты күчтөндүрүү тууралуу талкуулашты.

Кыргызстандын Акыйкатчысы жана Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Россиядагы кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоо, ошондой эле Кыргызстандагы Россиянын жарандарынын укуктары боюнча биргелешкен иш-аракеттердин зарылдыгы боюнча пикир алышты.

Джамиля Джаманбаева Кыргызстан менен Россиянын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча институттардын ортосундагы кызматташтык динамикалуу өнүгөрүнө ишенерин айтты.

“Мен биздин институттардын ортосундагы өз ара аракеттенүү өнүктүрүүгө кызыкдармын жана кызматташтыкты ар түрдүү аспектилеринде, тактап айтканда, кызматташтык жана эки мамлекеттин укуктары жана эркиндиктери бузулган жарандарына ыкчам көмөк берүү боюнча мамилелерди күчтөндүрүү зарыл экенин белгилейм. Биз Россиядагы мигранттардын жүрүү шарттарын жакшыртууга багытталган ар бир кадамды жана көңүл бөлүүнү баалайбыз”,-деп белгилеп өттү өз сөзүндө Кыргызстандын Акыйкатчысы.  

Джамиля Джаманбаева Кыргызстандын Акыйкатчы институту Москва (Россия) шаарынын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Потяевага Москва шаарындагы 2-абакта жаткан Кыргызстандын жаранына карата көмөгү үчүн ыраазычылык билдирерин баса белгиледи.

Татьяна Москалькова Россиядагы кыргызстандык мигранттардын  жүрүү шарттарын жеңилдештиш үчүн мыйзамдуу деңгээлдеги чаралар колдонулуп жатканын белгиледи.

“Бизге Кыргызстандын жарандарын Россиядан чыгаруу жөнүндө кайрылуулар көп келет. КРнын айрым жарандарына аларды Россиянын аймагында калтыруу үчүн биз көмөк көрсөттүк, анткени алардын үй-бүлөлөрү бул жакта. Биздин мыйзамдарга ылайык, паспортту жоготуп алгандыгы жөнүндө өз маалында эскертпеген учурда адам милдетүү түрдө өлкө чегинен мажбурлап чыгарылат. Башка жолу жок. Буга байланыштуу мен  мындай бузууларга административдик айып пул же болбосо өлкөдөн чыгаруу карала тургандай өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатам. Документти Юстиция министрлиги карап жатат. Мындай чаралар мигранттарга айып пул төлөп, өлкөдөн чыгарылбастан, Россияны аймагында андан ары жүрүүсүнө көмөк болмокчу”,-деп айтты Татьяна Москалькова.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Кыргызстандын Акыйкатчысы жана Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого байланыштуу бир нече маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишти.

Негизинен адам укуктары жаатында Россиянын мыйзамдарын билүүгө ыктыярчыларды же болбосо волонтерлорду даярдоо боюнча көмөктөшүү тууралуу да сүйлөшүү жүрдү.

Ыктыярчылар —укуктары бузулган кыргызстандык мигранттарга жардам бере турган Россиянын жарандары болмокчу.