Чүй облустук сотунун Соттор коллегиясы жана Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын юристи айыпталуучунун укугун бузуп, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын көңүл буруу актыларына көңүл бурбай атышат
Чүй облустук сотундагы сот жараянына мониторинг жүргүзүү учурунда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун адистештирилген бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан В.Гилманованын мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам алуу боюнча конституциялык укугу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын юристи А. Шерикулов тарабынан бузулганы аныкталган.
Бул мыйзам бузуу боюнча Акыйкатчы адвокат А.Шерикуловго карата тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Адвокаттар Ассоциациясынын Тартип комиссиясына көңүл буруу актысын жөнөткөн.
Мындан тышкары, У.Садырбеков, А.Джумагулов, Т.Абдрашитов баш болгон Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы тарабынан айыпталуучу В.Гилманованын укуктары бузулган.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 274-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, жорук жөнүндө иш аны сотто кароо башталган күндөн тартып 15 күндөн кеч эмес мөөнөттө судья тарабынан маңызы боюнча каралууга тийиш.
Бирок, Чүй облустук сотунун шалаакылыгынан жана тартипсиздигинен улам, бул иш 7 айдан ашык убакыт бою каралган. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту айыпталуучу 60 чакырым алыстыкка келгенине карабастан, соттун отурумун үзгүлтүккө учураткан судьялар экендигин баса белгилейт. Бул айыпталуучунун убактысын, акчасын жана күбөлөрдү жеткирүү аракеттерин текке кетирүү деп санайт.
Бул мыйзам бузуу боюнча, 2020-жылдын 29-сентябрында, Чүй облустук сотунун судьялары – У.Садырбеков, А.Джумагулов жана Т.Абдрашитов республиканын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу зарылдыгы жөнүндө КР Акыйкатчысы (Омбудсмен) тарабынан жазылган Көңүл буруу актысысы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына жөнөтүлгөн.
Телефон аркылуу бир нече жолу эскертүүлөргө карабастан, ошондой эле Акыйкатчынын сунуштарын тез арада карап чыгуу өтүнүчү менен жазылган каттарга Тартип комиссиясы тарабынан эч кандай жооп келген жок.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Адвокаттар Ассоциациясынын Тартип комиссиясынын бул иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын адамдын жана жарандын укуктарын коргоодогу ишине тоскоолдук кылып жатат деп эсептеп, тиешелүү ушул комиссияларга байланыштуу материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлдү.
2021-жылдын 14-майында Башкы прокуратура тарабынан “Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө” мыйзамдын 2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Тартип комиссиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык түзүлгөн көз каранды эмес коллегиялуу орган болуп саналат. Демек, прокуратура органдарына Тартип комиссиясынын ишин көзөмөлдөө укугу берилген эмес. Прокурор Тартип комиссиясынын отурумуна анын берген сунуштарынын негизинде гана катышат”, - деген жооп келди.
Башкы прокуратуранын ушундай эле жооп Адвокаттар коллегиясынын дисциплинардык комиссиясы боюнча да келип түштү.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Чүй облустук сотунун жана Тартип комиссиясынын өкүлдөрүнүн алардын түздөн-түз милдеттерине карата мындай мамилесин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуу, Кыргызстандын сот тутумунун аброюн түшүрүү деп эсептейт.