БУУӨП «Бизнес жана адам укуктары: Дүйнөлүк тренддер жана Кыргызстандын улуттук саясаты» тренингин өткөрүүгө колдоо көрсөттү

28/01/2022 - 14:21

Бишкек, 2022-жылдын 27-январы – Ушул күндөрү Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери, тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү, кесиптик бирликтер жана укук коргоочулар үчүн “Бизнес жана адам укуктары: Дүйнөлк тренддер жана Кыргызстандын улуттук саясаты” деген темада үч күндүк  (27-29-январь) тренинг өтүүдө.

Тренинг БУУнун ишкердик ишмердик жана адам укуктары чөйрөсүндөгү Жетектөөчү принциптерин, атап айтканда, корпоративдик жоопкерчиликтин принциптерин адам укуктарын урматтоо жана бизнести жооптуу жүргүзүүнү камсыздоодо жана ишкердик ишмердикти жүргүзүүдө адам укуктарына тийгизүүчү терс таасирлердин алдын алууда улуттук мекемелеринин ролун ачып берүү үчүн уюштурулган.

Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков белгилегендей, Акыйкатчы институту ишкерлер жана иш берүүчүлөрдүн, бизнестин жана бизнес-ишмердикте алардын укуктарына тиешеси болгон  башка жактардын (кардарлар, керектөөчүлөр,  кайсы бир жердин тургундары) укуктарын сактоонун тең салмактуулугун камсыздоо максатында БУУнун жетектөөчү принциптерине ылайык, бизнес жана адам укуктары боюнча Улуттук Иш-аракеттер планын иштеп чыгууну демилгелеп жатат. «Бизнес жана адам укуктары боюнча иш-аракеттер планын кабыл алуунун актуалдуулугу жарандардын эмгек укуктарынын  жана курчап турган чөйрөнүн коопсуздугуна болгон укуктарынын көптөгөн  бузулуулары  менен шартталган. Улуттук Иш-аракеттер планынын кабыл алынышы жана анын БУУнун Жетектөөчү принциптерине шайкеш келиши, албетте, өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги беделин көтөрүүгө кызмат кылат», - деди Азарбеков.

Тренингдин эксперттери – юридика илимдеринин кандидаты, ишкердик тармакта адам укуктары маселелери боюнча эксперт Елена Уварова, Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) программалык координатору Амина Курбанова, «Сахалин Энерджи»  Нефтогаз компаниясынын социалдык ишмердүүлүк маселелер боюнча жетектөөчү кеңешчиси Валентин Жовтун.

БУУӨПтүн «Тынчтык, сот адилеттиги жана натыйжалуу институттар» программасынын жетекчиси Эркина Уразбаева белгилегендей: «Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө жана адам укуктарын коргоого көмөктөшүү үчүн бийликтин бардык институттары, жарандык коом жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен тыгыз кызматташат. Бүгүнкү күндө БУУӨП Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун колдоосу жана тыгыз кызматташуусу астында ишкердик ишмердиктеги адам укуктары боюнча мыйзамдык базаны жана укук колдонуу тажрыйбасын изилдөөнү жүргүздү, ал Акыйкатчынын жылдык Баяндамасына киргизилет жана андан ары парламентке жана мамлекеттик органдарга берилет. Бул иш-чара ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык ишкердик ишмердикте адам укуктарын урматтоо жана кубаттоо боюнча жаңы демилгебиздин алкагында өтүп жатат”.

Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарлыгынын Борбордук Азиядагы башкармалыгынын жана Кыргызстандагы БУУӨПтүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту тарабынан уюштурулган.