Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун улуттук деңгээлдеги укуктук каражаттарын изилдөөнүн жыйынтыктарын талкуулашты

05/04/2022 - 11:34

Бүгүн, 2022-жылдын 5-апрелинде, Бишкекте “КР үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун улуттук деңгээлдеги укуктук каражаттарын изилдөөнүн жыйынтыктары” талкууланды.

КР Жогорку сотунун статистикасына ылайык, 2019-2021-жылдары Кыргызстандын сотторуна Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар (Жоруктар)” жөнүндө кодексинин  тиешелүү беренелери боюнча 2884 соттук иштер келип түшкөн, аларды кароонун жүрүшүндө 1872 иш кыскартылган, алардын ичинен 905и боюнча айыптоо өкүмдөрү чыккан. 

Ушул эле цифралар КР Башкы прокуратурасынын статистикасы тарабынан да тастыкталат. Атап айтканда,  2019-2021-жылдары катталган  үй-бүлөлүк зомбулуктун 28 192 учурунун жана сотто каралган иштердин жыйынтыгында 905 айыптоо актылары чыккан. Башкача айтканда, 4% аз учурда гана күнөөлүү адамдар мыйзамда каралган жоопкерчиликке тартылышат.

Бул серептен көрүнгөндөй, Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк  зомбулукту жоюу боюнча жетишилген прогресске: “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңыланган мыйзамынын кабыл алынышы жана КР Кылмыш-жаза кодексинде үй-бүлөлүк зомбулук “кылмыш катары” каралганына  карабастан, үй-бүлөлүк зомбулук Кыргыз Республикасында кеңири жайылтылган жана олуттуу көйгөй болуп саналат.  Бул көйгөйдүн жайылышынын масштабы аялдар туш болгон  басмырлоонун даражасын чагылдырып турат.   

КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Альберт Колопов белгилегендей, Акыйкатчы институтунун мандатынын алкагында Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо боюнча тармактык бөлүм иштейт. 2021-жылы бул бөлүмгө 225 кайрылуу келип түшкөн, 2022-жылдын биринчи кварталында  аталган бөлүмгө 46 арыз келип түшкөн. Көпчүлүк учурларда аялдар алимент, никени ажыратуу процесстери жана ажырашкандан кийин баланын жашай турган жерин аныктоо маселелери боюнча кайрылышат. Мында аялдарга карата зомбулук жоюлушу татаал жана анын залакалары адамдын укуктарын андан ары бузууга алып келет.  Басымдуу көпчүлүк учурда аялдардын психологиялык, сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугунун  бузулуусу үй-бүлөлүк зомбулук менен шартталган, андай терс залакалар зомбулуктан жабыркаган аялды өмүр бою коштоп жүрөт,-деп белгиледи А.Колопов.

Бул тегерек столдун ишине КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Динара Ашимова, Нилуфар Алимжанова, Миргуль Темирбаева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.