Бишкекте “Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары”аталыштагы кароо-сынак болуп өттү
Бүгүн, 2019-жылдын 2-декабрында деген темада И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде ЖОЖ студенттери арасында “Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары” кароо-сынак болуп өттү. Аталган кароо-сынак адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганын 71 жылдыгына жана 10-декабрь-Адам укуктарынын коргоо күнүнө, ошондой эле 3-декабрь-Эл аралык майыптар күнүнө карата Акыйкатчы аппаратынын Социалдык – экономикалык жана маданий укуктарды коргоо бөлүмү тарабынан уюштурулуп, иш-чара Эл аларык түрмө реформалары эл аралык уюмунун (PRI), КР Шайлоо системасы эл аралык Фонду жана Борбордук «Евразия» Фонду тарабынан каржыланды.
Өткөрүлгөн иш-чаранын максаты- жаштар арасында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча маалыматтарды жайылтуу, жаштардын адам укуктары боюнча билим деңгээлин жогорулатуу, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата калыптанган көз-карашты жоюу жана аларга карата кысымды жок кылуу.
Кароо-сынакты Акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаев ачып, бул иш-чара И.Арабаев атындагы университеттин имаратында экинчи жолу өткөрүлүп жатканын, мындан ары дагы салт катары улантып өткөрүлүп турушу баарыбыз үчүн пайдалуу, натыйжалуу болорун баса белгилеп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өздөрүн толук кандуу адам катары сезиши үчүн, мамлекет аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп бериши керектигин айтып өттү.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов өз сөзүндө, бизге ушундай иш-чаралар керектигин, себеби оюн-зоок, кароо-сынактар аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосуна үңүлө аларыбызды айтты. “Бул адамдар биздин арабызда жашашат, алар силердин аёңорго муктаж эмес, алар силердин колдооңорго муктаж. Алардын бирине жолдон өткөрүп жардам берсеңер, экинчисине жөн гана жылуу сөз айтып, ал эми башкаларына чогуу бир жерге барып, дагы бирине керектүү нерсесин сатып берип жардам кыла аласыңар. Андыктан силерди боорукер, адамкерчиликтүү болууга чакырам”-деди ал.
Ошондой эле өз кезегинде сөз алган КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү жана И-Арабаев атындагы университеттин ректору Төлөбек Абдрахманов дагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамилени өзгөртсөк, башка маселелер да жеңилдерин белгилеп өтүштү.
Кароо сынактын катышуучулары:
Бишкек гуманитардык университетинин атынан “Миротворцы БГУ” тобу;
Борбор Азиядагы эл аралык университеттин атынан “Биримдик” тобу;
Кыргыз улуттук университеттин атынан “LURA DEFENSORES” тобу;
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын атынан “Люди в белом” тобу;
Кыргыз мамлекеттик университеттин атынан “Жаш жардамчылар” жана “Эркиндик” тобу болду.
Кароо-сынак үч тапшырмадан турду:
- Тааныштыруу. Мында калыстар топтун аталышы тема менен үндөш болушуна, эмблеманын дизайнына жана тапкычтыгына баа беришти.
- Театрлаштырылган конкурс. Топтор майыптыгы бар адамдардын жашоосунан алынган көйгөйлүү көрүнүштөрдү сахналаштырышкан. Мында калыстар тобу теманы ачып бере алгандарына, көйгөйдү чечүү жолдорун көрсөткөндөрүнө жана актёрлук чеберчиликтерине баа коюшту;
- Брейн-ринг т. а. суроо-жооп. Топтор адам укуктары жаатындагы билимин көрсөтө алышты. Мында калыстар так, туура жооп бергендерине баа беришти.
Жыйынтыгында И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын студенттери алдыга озуп чыгып, гран-прини багындырып, КР Акыйкатчысынын кубогуна ээ болушту. Ал эми биринчи орунга Борбор Азиядагы эл аралык университеттин атынан “Биримдик” тобу чыкса, экинчи орунду Бишкек гуманитардык университетинин “Миротворцы БГУ” тобу алды. Кароо-сынакка катышкан ар бир топко демөөрчүлөр тарабынан даярдалган баалуу белектер, китептер ж.б. ыйгарылды. Ошондой эле,кароо-сынакка жигердүү катышкан студенттерге КР Акыйкатчысынын дипломдору жана Ардак грамоталары тапшырылды.