Бишкекте "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту жана пандемия учурунда адам укуктарын коргоону камсыз кылууга жаңы мамилелер" темасында тегерек стол болуп өттү

20/04/2021 - 16:24

Бүгүн, 20-апрелде, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын жетекчилиги жана кызматкерлери, республиканын мамлекеттик органдарынын, ошондой эле эл аралык жана өкмөттүк эмес укук коргоо уюмдарынын, юридикалык клиникалардын өкүлдөрү "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту жана пандемия учурунда адам укуктарын коргоону камсыз кылуунун жаңы ыкмалары"аттуу тегерек столго катышышты.

Жолугушуунун негизги максаты – адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатында иш алып барган тараптарды консолидациялоо, ошондой эле пандемия учурунда адам укуктарын коргоонун куралы катары маалымат алмашуу жана санарип технологияларын талкуулоо.

Өзүнүн алгы сөзүндө Кыргызстандын Акыйкатчысы жаңы көйгөйлөргө жана адамдардын ден-соолугуна жана коркунучтарына IT технологиялар, ар кандай тематикалык интернет платформалар, Жасалма Интеллект (ЖИ) жана баарлашуу боттору өзгөчө көмөкчү ролду ойной баштагандыгын белгиледи, чындыгында эле булар коомдун жана жалпы мамлекеттердин көптөгөн социалдык жана экономикалык көйгөйлөрүн чечүүдө жакшы жардамчы болуп калды, – деп белгиледи.

«Заманбап интернет технологияларын өз ишинде жигердүү жана кеңири колдонуунун аркасында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 2020-жылдагы пандемия учурунда кыргызстандыктардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин алардын натыйжалуулугун же сапатын төмөндөтпөстөн коргой алышты. Өткөн жылдагы тажрыйба жана бүгүнкү жолугушуу бардыгыбызга – мамлекеттик жана эл аралык укук коргоочуларга, ошондой эле Кыргызстандагы адам укугун коргогон бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө – бир пикирде, түшүнүктүү жана шайкеш иштешүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейм. Бул биздин бардыгыбызга пайдалуу, эң негизгиси, бул биздин жарандарга кошумча кепилдиктер жана алардын укуктук маселелерин чечүүдө реалдуу жардам берет деп ишенем », – деп белгиледи Токон Мамытов.

Ошондой эле, алгы сөздөрү менен: Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Мазда Шигеки мырза; Финляндиянын Нур-Султандагы элчиси (Казакстан Республикасы) Сойли Мякеляйнен айым; ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен айым; Кыргызстандын Юридикалык Клиникалар Ассоциациясынын Президенти (АЮКК) Артур Бакиров чыгышты.

Андан кийин, Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева жана КР Акыйкатчысынын аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков 2020-жылдагы пандемия мезгилиндеги Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы институтунун ишмердүүлүгү жөнүндө кененирээк айтып беришти, алар Кыргыз Республикасынын 2020-жылдагы адам укуктарынын индекси боюнча изилдөө ишинин натыйжалары менен бөлүштү, мындай талдоо биринчи жолу жасалганын баса белгилешти. Бул процесс Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кеңсеси тарабынан демилгеленген жана 2021-жылдын май айынын аягына чейин уланат деп пландаштырылган, деп белгиледи аппарат жетекчи. Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаарында 682 адам менен маектешүү болду. Катышуучулардын үчтөн бир бөлүгүнөн бир аз көбү (34%) 18-24 жаш курагындагы адамдар, респонденттердин бештен бири 25-33 жаштагылар жана 34-55 жаштагылар (ар бир категорияда 20%). Респонденттердин 13% 55 жаштан жогору, ал эми респонденттердин 12% 14-17 жашта. Сурамжылоого аялдардын 56% жана эркектердин 44% катышкан. Катышуучулардын көпчүлүгү Бишкекте жашашат (65%). Катышуучулардын 9% Чүй облусунан болгон. Катышуучулардын болжол менен 5% ы Ош шаарынан жана Ысык-Көл облусунан. Респонденттердин эң аз саны Ош облусунан болгон (2% дан аз).

Катышуучуларга берилген биринчи суроо, Кыргызстанда адам укуктары сакталабы? Катышуучулардын көпчүлүгү (59%) “жок”деп терс жооп беришти, респонденттердин үчтөн бири "менимче сакталбайт" деп жооп беришти (34%), ал эми катышуучулардын төрттөн бири (25%) "менимче сакталат" деп жооп беришти. Т.а. калктын 27% гана адам укуктарынын сакталышына ишенет. Бул жаатта башка суроолорго жооптор берилди, алар бардык мамлекеттик органдардын ишин өркүндөтүүнүн вектору болушу керек. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту бул көрсөткүчтөр негизги индикатор болуп калаарын белгилеп, аны өркүндөтүү үчүн Акыйкатчынын штабы иштей тургандыгын белгиледи. "Биз эмнеге көбүрөөк көңүл буруу керектигин жана алдын-алуу чараларын көрүү керектигин жакшы түшүнөбүз", – деп сөзүн жыйынтыктады Аскат Азарбеков.

Бул иш-чаранын маанилүү учурларынын бири болуп, Telegram мессенджери тарабынан ишке киргизилген "Акыйкатчы-бот 115" юридикалык баарлашуусунун презентациясы болду, бул өлкө тургундарына эң көп берилген суроолорго тез арада керектүү маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле онлайн режиминде жарандар кайрылууларын жөнөтө алышат. Ушул суроо-талаптардын негизинде интерактивдүү чатбот кыргыз жана орус тилдеринде тиешелүү маалыматтарды берет. Бул маалыматтык ресурс өз колдонуучулары үчүн акысыз жана калктын Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту менен байланышуу мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет, бул пандемияда өзгөчө маанилүү.

 Иш-чараны жыйынтыктап жатып, анын катышуучулары натыйжалуу өнүгүп келе жаткан кызматташтыкты мындан ары да өркүндөтүүгө жана үзгүлтүксүз тажрыйба алмашууга ниеттерин билдиришти,

Маалымат үчүн: Бул тегерек стол Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институтунун жана Кыргызстандын Укуктук Клиникалар Ассоциациясынын (АЮКК) демилгеси менен ПРООНдун "COVID 19га инклюзивдүү жана көп тармактуу жооп кайтарууну колдоо жана анын Кыргызстандагы социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу " долбоорунун алкагында Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен өткөрүлүп жатат.