Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин ТК тергөөчүсү аялды негизсиз кылмыш жоопкерчилигине тартып, анын жыйынтыгында ал эч кандай күнөөсү жок 1 жыл 4 ай камакта олтурган
2021-жылдын 20-майында соттолуучу А.А.О. №1ТИЗОдон Акыйкатчы аппаратына аны актоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, ал айыпталып жаткан кылмышты жасаган учурда такыр башка жерде болгон, муну күбөлөр тастыктай алат. Ошондой эле А.А.О. иш материалдарында чындыкка дал келбеген беттештирүү протоколу бар экенин билдирген. Буга байланыштуу ал айыпталып жаткан кылмыш ишин жүргүзүүдө тергөөчүлөр тарабынан берилген такталбаган маалыматтарды, сот аны актап жаткан алибини эске албаганын айтып тергөөнүн ачыктан-ачык мыйзам бузууларын териштирип берүүнү суранган.
Мындан тышкары, арыз ээси өзүнүн катында тергөө учурунда тергөөчү ага айып тагып, ишти тез арада бүтүрүүнү гана каалагандай таасир калтырганын белгилеген. «Бул иш боюнча менин күнөөсүз экенимди далилдөөгө жардам берүүңүздөрдү суранам», - деп катын жыйынтыктаган.
Бул кайрылуу Акыйкатчы институтунда каралып, аппараттын тиешелүү бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарындагы №1 ТИЗОго барышып, арыз ээси А.А.О. зарыл юридикалык кеп-кеңештерди берип, ошондой эле камакка алуу учурунда ага берилген адвокат коомдук жактоочу эмес, тергөөчүнүн тааныш адвокаты экенин аныктаган. Белгилей кетсек, А.А.О. КР Жазык кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттары менен айыпталган.
Тактап айтканда, жазык ишинин материалдарын изилдөөдө Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун тергөөчүсү тарабынан суракка алууда жана беттештирүүдө Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 45-беренесинде каралган одоно бузуулар аныкталган:
- камактагы А.А.О.го өзүнүн адвокаты жок болгон учурда ага мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүлгөн эмес;
– кармалган А.А.О.го кармалганын туугандарына билдирүүгө бир жолку акысыз телефон сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн берген эмес, анын натыйжасында А.А.О. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу №1 ТИЗОго камалганын, А.А.О кармалгандан 27 күндөн кийин гана билген.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик кепилденген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директоруна кат жөнөткөн, анда А.А.Ого берилген адвокат мамлекет кепилдеген юридикалык жардам аркылуу берилгенби деген маселени тактаган. Буга терс жооп келген. Тагыраак айтканда, адвокат А.А.О.нын ишин караган тергөөчүнүн таанышы болгон, демек ал кызыкдар адам болушу мүмкүн. Ал эми А.А.О.нын күнөөсү бар экенин айткан күбө соттук отурумдарга такыр келбей, соттук териштирүүнү создуктурган.
Мындан тышкары, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Ленин райондук сотуна кат жолдоп, анда А.А.О.нун багуусунда жашы жете элек эки (2010, 2011-жылы туулган) баласы бар экенин, анын бири ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгени айтылып, ошондой эле тергөө учурунда ага карата аныкталган бардык мыйзам бузуулар көрсөтүлгөн.
2021-жылдын 1-ноябрында Ленин райондук соту А.А.О.ну актап, 2021-жылдын 24-декабрында Бишкек шаардык сотунун Жазык иштери боюнча коллегиясы А.А.О.го карата актоо өкүмүн күчүндө калтырган.
Натыйжада, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн мыйзамсыз аракеттеринен улам, жаран А.А.О. 1 жыл 4 айга камакта калууга аргасыз болгон.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту арыз ээси А.А.О. бул тергөөчүнүн жана жетекчиликтин аракеттерине укук бузуулар жана мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартканы үчүн андан материалдык жана моралдык зыянды өндүрүп алуу талабы менен даттанууга укуктуу деп эсептейт.