Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын УКЖда, КР Жазык-процесстик кодексинин 257 беренесинин 7-пунктун бузуу менен кармалган 24 адам 10 күндөн ашык камакта жатат

30/04/2021 - 16:04

2021-жылдын 23-апрелинде Акыйкатчы аппаратынын курамында укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндигинен ажыратуу жайларында адам укуктарын сактоо бөлүмүнүн эксперттери жана “Голос свободы” КФ өкүлдөрү бар мониторинг тобу, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына пландуу профилактикалык иш-чарасын жүргүздү.

Бул текшерүү учурунда УКЖда 70 адам кармалганы, алардын 8и аялдар. КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, эки адам кармалганы белгилүү болду.

Мониторингдин жүрүшүндө изолятордун фельдшери (медициналык кызматкер) менен маектешүү жүргүзүлүп, убактылуу кармоочу жайдын камералары каралды. Мониторингдин алкагында эксперт, инфекционист-дарыгер УКЖдын эпидемиологиялык (жугуштуу) коопсуздугуна баа берди. Ошондой эле, изолятордо кармалгандардын өздүк делолору алардын кармалышынын мыйзамдуулугу текшерилди.

Текшерүү учурунда шектүүлөрдү узак мөөнөткө кармоо фактылары аныкталды (24 чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 күндөн ашык кармалган), Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 257 беренесинини 7-пункту (Тергөө судьясынын токтомунун көчүрмөсү прокурорго, шектелүүчүгө, айыпталуучуга, жактоочуга тапшырылат жана токтоосуз аткарылууга жатат) бузулган. Тергөө судьяларынын чечиминде, шектелген адамдар камакта кармалып туруучу жер КРӨ алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №23 мекемесинин №1 тергөө изолятору деп аныкталган. Бул мыйзам бузуу тутумдуу мүнөзгө ээ жана көптөн бери сакталып келген. КР Акыйкатчысынын Аппараты бул көйгөйгө өзгөчө көңүл буруу өтүнүчү менен прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Мониторинг эксперттери аныкталган мыйзам бузуу фактысы боюнча "Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын УКЖдын инспекторлорунун журналына" тиешелүү жазуу киргизишти.

ТИЗОнун администрациясы менен болгон сүйлөшүүнүн натыйжасында, шектүүлөрдүн тергөө сотунун камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандоо жөнүндө чечимине өз алдынча даттануу укугу камакка алынгандарга тийиштүү түрдө берилбей жаткандыгы дагы аныкталды. . Ошентип, 116-берененин 7-пунктуна ылайык, “Адамды камакта кармоочу жайдын администрациясы камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө соттун токтомуна адамдын даттануусун алган учурда, бул жөнүндө прокурорго маалымдоо менен даттанууну алган учурдан тартып 12 сааттан кеч эмес мөөнөттө тиешелүү сотко жиберүүгө милдеттүү”.

УКЖдын администрациясы берген маалыматка ылайык, изолятордо камактагылардан түшкөн арыздар жана арыздарды жазуу үчүн өзүнчө журнал жок. Бир жыл ичинде бул укукту бир гана шектүү пайдаланган; УКЖдын администрациясы анын соттун чечимдерине каршы арызын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын канцелярия аркылуу жиберген.