Бишкек шаары жана Чүй облустары боюнча мониторингдик жолугушуулардын жыйынтыгы

01/08/2019 - 11:32

2019-жылдын июль айында Акыйкатчынын Борбордук Аппаратынын  кызматкерлери жана Чүй облусу боюнча Акыйкатчынын өкүлчүлүгү ишке тартылган эксперттер менен биргеликте Бишкек ш. жана Чүй облусундагы убактылуу кармоочу жайларда 8 ирет жолугушууларды уюштурушту. Кызматкерлер бир нече ирет Бишкек ш. ШИИБ УКЖда, ошондой эле Панфилов, Жайыл, Сокулук, Москва, Ысык-Ата райондорундагы ИИБ УКЖда жана Токмок ШИИБ УКЖда болушту.

Мониторингдин максаты - ушул жылда күчүнө кирген жаңы кодекстерде каралган камактагылардын жана УКЖ/ТИЗОдо кармалган жарандардын укуктарынын сакталышына анализ жүргүзүү болуп саналат. Ошондой эле Кыргызстандагы кыйноолорду колдонуу тажрыйбаларынын индекстик деңгээлин аныктоо боюнча камактагылардан сурамжылоолор жүргүзүлдү.

Аңгемелешүүлөрдүн жыйынтыгында камактагы жарандардын укуктарынын ар кандай процессуалдык кепилдиктеринин сакталбагандыгы жөнүндөгү эксперттик топтун божомолдору тастыкталды. Атап айтканда, камалган адамдын укуктары эске алынбайт жана түшүндүрүлбөйт, көпчүлүк учурларда УКЖга шектүүнү алып келүүдө Жазык-процессуалдык кодексте каралган тийиштүү милдеттүү медициналык текшерүүлөр жүргүзүлбөйт.

Ошондой эле, Бишкек ш. ШИИБ УКЖ мониторинг жүргүзүүдө камактагы К.А.И. менен болгон аңгемелешүүдө белгилүү болгондой, анын айтуусу боюнча, кармоо учурунда ал  бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан чектен чыккан күч колдонууларга кабылган: денесине кол жана бут менен болгон көп деген соккулар, дубинка менен сабоолор, муштум менен көзгө соккулар болгон. ШИИБ УКЖ медициналык кароо тууралуу жазууларында көкүрөк тушта, эки ийининде, кабыргаларында, тизе тушунда кан уюуулар, көп сандагы жаракаттар болгондугу жазылган. К.А.И. бул факты боюнча прокуратура органдарына, ошондой эле КР Акыйкатчысына кайрылган. УКЖ узак мөөнөткө мыйзамсыз кармап тургандыгы боюнча да арызданган.

Токмок ш. ИИБ УКЖга барганда бул күнү ТИЗОдон этап менен которулган жарандар үчүн тамак жок болгондугу аныкталды. УКЖ кызматкерлеринин айтуусу боюнча алар УКЖда болгон жарандардын саны боюнча тамакка сурамды эртең менен эле беришет. Ошол себептүү тамакка сурам берилгенден кийин алынып келинген жарандар эсепке алынбай калат. УКЖдан которула турган Бишкек ш. ТИЗОдо камалгандардын санын алдын ала макулдашуу тууралуу сунуштар берилди.  .

Ошондой эле аңгемелешүүлөрдүн жүрүшүндө маектешкендер өздөрүнүн кармалгандыгы тууралуу туугандарына кабарлап коюууну же алардын жактоочусун чакырып берүүнү өтүнүштү. Бул маселе боюнча УКЖнын администрациясы жана кызматкерлери кармалгандардын өтүнүчү менен жактоочуну же тергөөчүнү чакыруу жөнүндөгү так инструкцияны көрсөтө алышкан жок. 

Мындай учурда камалгандардын ар дайым тергөөчү менен байланышып туруусун камсыздоо жана бул тууралуу камалгандарды маалым кылуу топ тарабынан сунушталды.

Көрсөтүлгөн жана башка көйгөйлөр боюнча актылар жана көйгөйдү жоюу боюнча сунуштар берилди. Республиканын ИИБ убактылуу кармоо жайларына мониторингдик жолугушуулардын программасы өнөктөштөр менен кызматташуунун алкагында түзүлөт.