Балыкчыда этникалык кыргыздар менен жолугушуу өткөрүштү

12/05/2023 - 10:49

Балыкчы шаарында Акыйкатчы институтунун аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков кызматкерлер менен биргеликте коңшу өлкөлөрдөн Ысык-Көл областына көчүп келишкен этникалык кыргыздар менен жолугушту.

Жолугушуу шаардык администрациянын имаратында болду.

Белгилей кетчек, Акыйкатчы институту Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдөн көчүп келип отурукташкан этникалык кыргыздардын жашоо шартына мониторинг жүргүзүп жатат. Буга чейин мындай мониторинг Баткен жана Чүй областтарында жүргүзүлгөн.

Жергиликтүү бийлик органдары берген маалымат боюнча коңшу өлкөлөрдөн Балыкчы шаарына көчүп келишкен этникалык кыргыздарга зарыл болгон көмөк көрсөтүлүп жатат.

“Бир аз мурда Кытайдан көчүп келген этникалык кыргыздардын документтерин даярдап жана өткөрдүк. Бул документтерди КРнын жарандыгын алыш үчүн тапшырдык”,-деп белгилешти жолугушуу маалында.

Бул арада жолугушууга келген этникалык кыргыздар көйгөйлүү маселелери тууралуу айтып беришти.

Аялдардын бири тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунун маалында үй-бүлөсү менен Тажикстандан качууга мажбур болгон сиңдиси тууралуу айтты.

Анын айтымында, сиңдиси жолдошу менен элчиликке кайрыла албай жатышат, анткени алар өздөрүнүн жана Тажикстанда калган жакындарынын коопсуздугунан чочулашууда.

Куралдуу чатактын маалында Тажикстандан качууга мажбур болгон этникалык кыргыздардын үй-бүлөсү КРнын жарандыгын алууга документ тапшыра албай жатышат.

Үй-бүлө башчысы документтерди тапшырган, бирок комиссия документтердин түп нускасы болбогондуктан аларды кабыл алган эмес.

“Ок атышып жаткан маалда болгон жаныбызга паспортту гана алып үйдөн чыктык жана чек ара аркылуу качып келдик. Азыр үй-бүлөнүн кожоюну документтерди тапшырууда, бирок комиссия туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасын талап кылып жатат. Бул документ Тажикстанда, учурда аны алууга мүмкүнчүлүк жок. Ал эми бул үй-бүлөнүн кожойкесинин дегеле документи жок - куралдуу кагылыштын маалында күйүп кетиптир”,-деп билдиришти үй-бүлөнүн жакындары.

Паспорт бөлүмүнүн өкүлү эмне үчүн комиссия документтердин көчүрмөсүн кабыл албаганын айтып жооп узатты.

“Сөз Тажикстандын паспорту - улуту көрсөтүлбөгөн id-карта тууралуу болуп жатат. Буга байланыштуу күбөлүктү талап кылганбыз, бирок алар анын көчүрмөсүн гана беришти. Эми комиссия документтин түп нускасын талап кылып жатат”.

Ошондой эле жолугушууга жер участогун берүү өтүнүчү менен башка бир үй-бүлө кайрылды.

Жубайлар -Тажикстандын Мургап районунан көчүп келишкен этникалык кыргыздар.

Күйөөсү мезгилдүү жумуштар менен алектенет, туруктуу иштеген иши жок, эки кичинекей баласы бар. Ошол эле маалда мамлекет тарабынан көмөк берилбей келет.

Акыйкатчы институтунун аппаратынын жетекчиси жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө мамлекет тарабынан каралган көмөк менен камсыздоону талап кылып жеринде кайрылды.

“Үй-бүлөгө мамлекет тарабынан колдоо керек. Укуктарды камсыздоо зарыл, бул жерде үй-бүлө башчысын эмгекке орноштуруу маанилүү. Атанын туруктуу жумушу болсо, үй-бүлөнүн баардык маселелери чечилет”,-деп белгиледи Аскат Азарбеков.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үй-бүлөнүн башчысын ишке орноштурууну убада кылышты. 

Ошондой эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жарандарга социалдык тейлөөлөрдү алуу укуктары жана турак-жай менен жер участокторун алуу укуктары жөнүндө укуктук кеп-кеңештерди беришти. 

Андан кийин Институттун кызматкерлери аппараттын жетекчиси менен биргеликте Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында болушуп, кармалып жаткандардын шарттары менен таанышты.

Мыйзамга ылайык, ички иштер бөлүмү Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине тоскоолдуксуз кирүүнү камсыздашты.

Шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары убактылуу кармоочу жайдын башчысы менен биргеликте кармалып жаткандардын шарттарын тааныштырды.

Тергөө изоляторунда кармалгандар кармоо шарттарына дооматтары жок экенин айтышты.