Атыр Абдрахматова: Системдүү кемчиликтерден улам кылмышкердин күнөөсүн далилдөө дээрлик жокко чыгып жатат

15/09/2022 - 11:00

2022-жылдын 13-сентябрында Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети менен Социалдык саясат боюнча комитетинин биргелешкен жыйынындагы балдарга карата зордук-зомбулук маселесин талкуулоо өттү.

Отурумда Акыйкатчы А. Абдрахматова балдардын укуктарын зордук-зомбулуктан коргоо жаатында төмөнкү системдүү көйгөйлөрдү көтөрдү:

  1.  Укук коргоо органдары: - зордук-зомбулукка кабылгандардын арызын көп учурда кабыл алышпайт, - соттук-медициналык экспертизалар өз убагында дайындалбайт жана өткөрүлбөйт, экспертиза узак убакыт өткөндөн кийин жүргүзүлгөндүгүнөн кылмыштын моралдык жана физикалык зыянды объективдүү аныктоого мүмкүндүк бербейт, - тергөө аракеттерин, анын жыйынтыгы боюнча чечим чыгаруу создуктурулуп, кылынган зордук-зомбулукту башка кылмыш курамына өткөрүү (переквалификация) аракеттеринин көбү, - жабырлануучу балдарга, айымдарга басмырлоо, шылдыңдоо, алдын ала жабыркаган тараптын өзүн окуяга күнөөлүү катары мамиле жасоо менен, калыптанган стереотиптер менен жабыркагандын укугун коргоого, калыбына келтирүүгө кызыктар эмес кызматкерлердин бар болгону.
  2. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги: - мигранттардын балдарын аныктоо, аларга жана алардын үй- бүлөсүнө социалдык жана укуктук жардам көрсөтүү боюнча системдүү колдоо иштери жүргүзүлбөгөнү; - зордук-зомбулук коркунучу бар үй-бүлөлөрдө зомбулуктун алдын алуу иштеринин жетиштүү эместиги; - зордук-зомбулукка кабылган балдардын ата-энеси баланын кызыкчылыгында иш аракет көрбөгөндө, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу бөлүмдөрдүн алсыздыгы (мыйзамдын кемчиликтери, адистердин төмөн дэңгээли); - үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү 53 комитет түзүлгөнү менен, алар толук кандуу ишин жүргүзбөгөнү.
  3. Билим берүү министрлиги: - социалдык кызматкерлердин жетишсиздиги, бар болгон учурда адискөйлүк даярдыгынын төмөндүгү; - мектептерде психологдордун көп учурда жоктугу; - мектептерде окуучулар, ата-энелер менен бирге балдардын (ден-соолук, сексуалдык, психологиялык, маалыматтык) коопсуздук боюнча иштеринин жүргүзүлбөгөнү; - акыркы учурда мектеп бир гана билим берүүгө жоопту, баланын коопсуздугуна тиешеси жок деген түшүнүктүн жайылтылышы; - зордук-зомбулук коркунучу бар үй-бүлөлөрдү аныктап ички иштер органдарына, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу бөлүмдөргө маалымат берүү менен алдын алуу иштердин жетишсиздиги.
  4. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (Юстиция министрлиги): - акысыз консультациялык-укуктук жардамдын көпчүлүк алыскы жерлерге жеткиликтүү болбошу; мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин о.э. адвокаттардын бул милдетти так, толук кандуу, сапаттуу алып барбагандары; - кылмыш-жаза сот өндүрүшү чөйрөсүндө жана бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу акысыз юридикалык жардамды берүүчү адвокаттардын ишинин чабалдыгы, толук кандуу мыйзам чегинде мүмкүн болгон бузулган укукту калыбына келтирүү аракеттерин көрбөгөндөрү; мыйзам бузган тарап менен сүйлөшүп алуунун негизинде жабыркаган тарапты коргонуудан баш тартууга түртүү менен ишти кыскартууга кызыкдар болгондору; жабыркаган тараптан акча талап кылуулары; зордук-зомбулукка кабылган балдардын, аялдардын укугун коргоонун өзгөчөлүктөрүн жакшы билбегендери, ж.б. кемчиликтер.

Омбудсмен азыркы учурда балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чукул чараларды көрүү үчүн Жогорку Кеңештин Комитеттеринин биргелешкен жыйынынын чечимине киргизүү үчүн депутаттарга төмөнкү сунуштарды айтты: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:

  1. Балдардын укуктарынын бузулушун алдын алуу боюнча ыкчам коргоо аракеттерин көрүү үчүн Ички иштер министрлиги, Социалдык коргоо, саламаттык сактоо, Билим берүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн алгоритимин иштеп чыгууну жана жоопкерчиликтерин арттырууну;
  2. Ички иштер министрлиги зарыл болгон учурда колдонуу үчүн коопсуздук сигналын (баскычын) киргизүүнү (тревожная кнопка) тапшырууну;
  3. Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, окуучуларды мектепке ташуу үчүн атайын автобустарды уюштурууну (шаарда, кооптуу аймактарда).

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына:

  1. Балдарга карата колдонулган зомбулуктар боюнча кыскартылган же кайра квалификацияланган кылмыш иштерин талдоону (анализ) жана толук кандуу чара көрүүнү, бул жаатта көзөмөлдү күчөтүүнү;
  2. Балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктар боюнча жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизалардын тактыгына баа берүүнү;
  3. Соттук-медициналык экспертизалардын өз убагында дайындалып, мөөнөттөрүнүн сакталышына укуктук баа берүүнү; Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине:

Балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктар боюнча дайындалган соттук-медициналык экспертизалардын жүргүзүүсүндө сапатын жакшыртууну жана өзгөчө көзөмөлгө алууну.