Жамиля Жаманбаева Башкы Прокуратуранын Юридикалык академиясынын студенттери менен жолугушту
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Башкы Прокуратуранын Юридикалык академиясынын студенттери менен жолугушту.
Акыйкатчы өз сөзүндө, жаштар менен болгон жолугуушуулар өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, окуу жайдын имараттарында студенттердин көз карашы калыптанып, маанилүү чечимдерди кабыл алууга туура келерин айтты.
“Омбудсмен - бул өзгөчө статусу бар көз карандысыз мамлекеттик орган катары конституциялык укуктардын сакталышын көзөмөлдөйт жана алар бузулган учурда кийлигишет. Бизге жарандар ар түрдүү көйгөйлөр менен кайрылышат, аларга мандатыбыздын алкагында жардам беребиз. Ар бир жарандын өз укугун билип, аларды колдоно билүүсү абдан маанилүү”, - деди Акыйкатчы.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге Акыйкатчы Институнун тарыхы жана ишмердүүлүгү жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү.
Жолугушуу жандуу маанайда өтүп, жаштар Акыйкатчыга кызыктырган суроолорун берип, талкуулап, институттун ишмердүүлү туурасында ой бөлүшүштү.
Сөзүн жыйынтыктап жатып Жамиля Жаманбаева студенттерге кыйынчылыктан коркпой, билимге умтулууга, тайманбай, принциалдуу жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды.