Атыр Абдрахматова: Мамлекеттик кызмат калк менен иштөөгө болгон мамилени өзгөртүүнү талап кылат

18/10/2022 - 13:01

2022-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунда Кыргыз Республикасынын аймагында 20 жылдан ашык убакыттан бери жашап жаткан Афганистандын жарандарынын укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү маселеси боюнча эксперттик кеңешме болуп өттү.

2000-жылдардын башында бир нече ондогон үй-бүлөлөр согуштан качып, Кыргыз Республикасынан башпаанек издөөгө аргасыз болушкан. Кыргызстандын аймагында көп убакыт жүргөнүнө карабастан, аларды качкын деп таануу маселеси чечиле элек, ошол себептен: - өлкөдө болуу укугуна тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок; - мыйзамдуу түрдө иштөөгө укугу жок; - өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн татыктуу жашоосун камсыз кылуу үчүн укуктарды жана эркиндиктерди толук пайдаланууга шарттары жок.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акыйкатчы институтунун эксперттери БУУнун тутуму тарабынан «мандаттуу качкындар» деп таанылган Афганистандан келген адамдардын муктаждыктарын жана талаптарын, ошондой эле укуктарынын сакталышын баалоо боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары менен тааныштырышты. Жалпысынан изилдөөгө 30 үй-бүлөдөн 129 адам камтылган. Акыйкатчы институтунун изилдөөсүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, коомдун “көзгө көрүнбөгөн” мүчөлөрү Кыргызстандын көпчүлүк жарандары сыяктуу, жергиликтүү коомчулукка толук аралашып, балдары мектептерде жана ЖОЖдордо окушат. Бирок, жөнгө салынбаган статус аларды өз укуктарын ишке ашырууда аялуу абалга келтирет, мисалы, укук коргоо органдарына жардам сурап кайрылуу керек болгондо, алардын болушунун мыйзамдуулугу боюнча дароо эле маселе жаралат.

Акыйкатчы А. Абдрахматова мамлекеттик органдардын бардык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө согуштан качып, Кыргызстанда тынч жашоону издөөгө аргасыз болгон чет элдик жарандарды документтештирүү маселесин биротоло чечүүгө кандайдыр бир мыйзамдуу мүмкүнчүлүктөрдү табуу сунушу менен кайрылды. Мамлекеттик кызмат калк менен иштөөгө болгон мамилени өзгөртүүнү талап кылат, «жок» деп айтуу оңой, бирок ар бирибиздин чыныгы милдетибиз "ооба" деп, адамга өз укуктарын ишке ашырууга жардам берүү, мыйзамдын чегинде колдон келгендин баарын жасоо”-деп белгиледи А. Абдрахматова.

“Мандаттуу качкындардын” укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча эксперттик жыйынга Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын башкармалыгынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, “мандаттуу качкындарды” укуктук камсыздоого адистешкен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.