Атыр Абдрахматова: Балдарга ВИЧ инфекциясын жугузганга тиешелүү болгон медицина кызматкерлери иштөөгө моралдык, укуктук акысы жок болчу
Кыргызстандын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова 18-21-майда Ош облусунун 99 жашоочусун жеринен кабыл алган. Ош шаарында 99 адам; Кара-Суу районунда 12 жаран; Ноокат районунда 24 жаран Акыйкатчыга жеке кабыл алуусунда болуп, айрым маселелер жеринде чечилди.
Ош шаарында жеринен 28 ар кандай арыз даттануулар (анын ичинен коллективдүү) алынды.
Алар төмөнкү маселелер менен кайрылышты.
1. Социалдык маселелер боюнча – 11
2. Турак жай жана жер маселеси боюнча – 7
3. Соттук-укуктук маселелер боюнча – 6
Мындан тышкары:
– Ирак, Сирия өлкөлөрүндөгү кыздарын, жаш балдарын кайтарып келе албагандар;
– кредит төлөй албагандар;
– мэриянын, прокуратуранын ишмердүүлүгүнө нааразычылыгы барлар;
– бизнеске кысым болгондор ж.б. боюнча көйгөйлөр айтылып, катталды.
Баса белгилөөчү маселелердин бири – ВИЧ инфекциясын жугузган балдардын ата-энелердин жүрөк өйүткөн көйгөйлөрү болду. Таңгалыштуусу-ошол балдарга ооруну жугузган медицина кызматкерлеринин, аларды ишке алып, ишин так, мыйзамдуу, коопсуз уюштурбаган жетекчилер дагы деле саламаттык сактоо системасында иштеп аткандары айтылды. Акыйкатчы бул боюнча пикирин Ош ТВ каналындагы маек учурунда да билдирди. Ал «600дон ашык кичинекей балдар саламаттык сактоо системасынын катачылыгынан жабыркады. Алардын кайдыгерлигинен улам канча адамдын ден – соолугуна залакасы тийип, тагдырлары бузулду. Компенсация жарым-жартылай төлөнгөнү, төлөнбөгөнү көп экен. Күчтүү дарыларды ичкендиктен, башка органдарга залакасы бар. Ошол дарыларды алганга каражаттары барбы? Билим алыштыбы? Иш таба алыштыбы? Мамлекеттен кандай колдоо, кандай көмөк алып жатышат – деген суроолор ачык бойдон турат. Балдардын тагдырын талкалап коюп ошол учурдагы медицина кызматкерлери кайсы абийири менен саламаттык сактоо тармагында иштеп атышат? Алар кайрадан иштегенге моралдык укугу жок болчу. Ыйман принциби, мыйзам принциби деген иштейби аларга? Укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик кайсы жакты карап атышат? Бизде «кармалды, камалды» – деген маалымат чыгат дагы ошону менен унутулат. Анан ал киши камактан чыгат дагы, эки-үч жыл өткөндөн кийин кайра жогорку кызматка барып отуруп калышат. Биз кимде ким алдаса, кайдыгерлик көрсөтсө, мыйзамсыз аракеттерди кылса элдин алдында ачык айтып, жоопкерчиликке тартышыбыз керек», – деди ал.
Акыйкатчы Кара-Суу районуна барды. Ал жактан көтөрүлгөн көйгөйлөр:
– кичинекей кызды 4 жыл зордуктаган адам жоопкерчиликке тартылбаганы;
– адилетсиз тергөө, сот үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган 20 жаштагы бала;
– жөлөк пул алганга муктаждар;
– алдамчылыктан үйүн алдырган аял;
– балдарды КР жарандуулугун алууга көмөктөшүү;
– паспорт, балдардын документтери алууга көмөктөшүү ж.б.
Кара-Суу жана Ноокат райондорунун тургундары менен жолугушууда райондун акиминин орун басарлары, жергиликтүү кызматтардын жетекчилери катышты. Жергиликтүү тургундар Акыйкатчыга жолугушууга келип, кайрылган арыз-даттанууларды Акыйкатчы жергиликтүү жетекчиликтен тиешелүүлүгүнө жараша, чара көрүүнү тапшырган. Жыйынтыгында төмөнкү иштер оң чечилди.
Кара-Суу районунда:
– туулгандыгы тууралу күбөлүк алууга 1 балага;
– материалдык резервдик фонддон 3 үй-бүлөгө материалдык жардам;
– бейтапканага текшерүүлүгө жөнөтүлүп, дары-дармеги менен камсыз кылынган 2 адам;
– көп балалуу 1 үй-бүлөнүн баласын мектеп-интернатка орнотууга жардам берилди.
– 2 адамга паспорт алуу үчүн документтештирүү иштерин иретке келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
Ноокат районунда кайрылгандардын көбү өзүлөрүнүн балдары же 18 жаштан 30 жашка чейинки жаштардын көйгөйлөрүн көтөрүштү. Жаштар жумуш издеп Россияга мигрант болуп кетип, курьер, таксист болуп иштеп атышып, ар кандай негизсиз шылтоо менен (көбүнчө баңгизат сатуу менен) камакка алынып, соттолуп жаткандары жөнүндө көп арызданышты. Ноокат районунда бир топ тургундар үй курууга жерлерин 1980-жылдары мамлекеттен алышып, эми жол кеңейтүү алкагында жерлери талашка түшкөндүгүн айтышты. Бул тууралуу Акыйкатчы Институту өзүнүн иликтөөсүн жүргүзө баштады.
Ал эми Акыйкатчы менен жолугушуудан кийин:
– жөлөк-пул алуу боюнча 1 адамга;
– бейтапканага жаткырууга 1 адамга жардам берилди.