Акыйкатчысы ыйгарым укуктуу органдарын, балдардын билимге бирдей жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоо маселелерин тез арада оңунан чечүүгө чакырат

04/04/2022 - 11:44

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) ыйгарым укуктуу органдарын, балдардын билимге бирдей жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоо маселелерин тез арада карап чыгууга жана оңунан чечүүгө чакырат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда күндүзгү жалпы билим берүү мекемелеринде 1 407 592 окуучу окуса, анын 201 755и Бишкек шаарында, 76 092си Ош шаарында окушат.

2021-жылдын 1-ноябрынан тарта Бишкектин коомдук транспортторундагы жол кире 15 сомго чейин көтөрүлдү. Ошол эле учурда мектеп окуучуларынын жүрүү билети (автобус, троллейбус) 240 сом турат.

Күйүүчү майдын бааларынын жана башка чыгымдардын бирдейлигин, ар бир региондогу орточо айлыкты жана жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугун эске алганда, мектеп окуучуларынын республика боюнча жол кире акысы төмөнкүдөй:

– Бишкек шаардык кичи автобуста 15 с., ал эми автобуста жана троллейбуста 11 с.;

– Ош, Жалал-Абад, Нарын – кичи автобуста 5 с.;

– Талас, Кара-Көл, Баткен – кичи автобуста10 с..

Ошол эле учурда Нарын шаарында 4-класска чейинки мектеп окуучуларынын троллейбуста жүрүүсү– акысыз.

Акыйкатчы (Омбудсмен) Бишкек шаардык кенешинин депутаттарын жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчилигин окуучулар таранспортто жүрүүгө акысыз же жеңилдетилген тарифтин механизмдерин иштеп чыгууну суранат.

Акыйкатчы институтуна жана жеке мага ата-энелер төмөнкүлөргө даттанышууда:

– көпчулүк үй-бүлөлөр үчүн жол кире акысынын кымбаттыгы (Бишкекте);

– айдоочулардын орой жана кээде балдар үчүн кооптуу жүрүм-туруму;

– кошуна айылдардагы мектепке барууга аргасыз болгон балдар үчүн транспорттун жоктугу.

Кээ бир ата-энелер балдарын бакканга акчасы жок, балдары мектепке жөө келип, кечигип же такыр эле сабакка барбай калганын жазышууда. Көптөгөн үй-бүлөлөрдө бир нече окуучу балдар коомдук транспортту колдонот. Учурдагы тариф үй-бүлөлүк бюджетке оор келет.

«Менин оюмча, азыркы жол кире тарифтеринде калктын социалдык жактан аялуу катмарынын, атап айтканда, жалгыз бой энелердин, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, жетим балдардын материалдык абалы эске алынган эмес. Анткени, Бишкек шаарында эле 904 үй-бүлө “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алышат. Бул жөлөк пул ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн кирешеси 1000 сомдон ашпаган үй-бүлөлөргө тиешелүү. Аталган үй-бүлөлөрдө 2 905 бала бар», – деп белгилейт КР Акыйкатчысы (Омбудсмени).

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинде жазылгандай, Балдар – Кыргыз Республикасынын эң баалуу байлыгы.

Мамлекет балдардын ар тараптуу руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана дене-бой жактан өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу шарттарды түзүү менен аларды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт.

Ал эми Конституциянын 27-беренесинин 2-бөлүгү, Кыргыз Республикасында баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын колдоо жана камсыз кылуу принцибине кепилдик берет.

Ушуга байланыштуу, балдардын эң жогорку кызыкчылыктарын камсыз кылуу принцибин жетекчиликке алып, балдарды коргоонун жана билим алуу мүмкүнчүлүгүн, коопсуздугун камсыз кылуунун эң маанилүү шартын эске алуу менен, шашылыш түрдө жергиликтүү кеңештерин, Министрлер Кабинетин төмөнкү талаптарды чечүүгө көңүлүн бурам:

1) бүткүл республика боюнча мектеп жашындагы балдардын транспортто акысыз жүрүүсүн камсыз кылуу;

2) ташууларды уюштуруунун деңгээлин жогорулатуу, балдар-жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана кызыкчылыктарын коргоо максатында менчигинин түрүнө карабастан коомдук транспорттун айдоочуларынын жүрүм-турумунун стандарттарын бекитүү;

3) муниципалдык жана коомдук транспорттун айдоочуларына жүргүнчүлөргө, өзгөчө балдарга, кандай мамиле кылуу керектиги боюнча окууларды үзгүлтүксүз негизде өткөрүү;

4) айдоочулардын жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин, жүрүм-турум (мамиле) стандарттарын сактоосуна туруктуу мониторингди жана контролду камсыз кылуу;

5) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, калктуу конуштардын чектеринде айдоо ылдамдыгын чектөөгө көзөмөлдү күчөтүү зарыл.