Акыйкатчынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү блокаданы башынан өткөргөн адамдын күндөлүгүн музейге тапшырды
Акыйкатчынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т. Жаанбаев блокаданы башынан өткөргөн адамдын таберик-күндөлүгүн облустук музейге тапшырды. Бул күндөлүктү Т. Жаанбаев 35 жыл сактаган. Анын айтымында, 1977-жылдан 1992-жылга чейин ал Ленинградда (азыркы Санкт-Петербург) жашап, окуп жана иштеген. Он жыл бою Балтика кеме куруу заводунда токарь, слесарь-монтажник болуп иштеген. 1983-84-жж. Балтика кеме куруу заводунда аскердик-патриоттук клуб түзүлүп, Т. Жаанбаев бир нече экспедицияларды (тоо туризми, лыжа туризми ж.б.) жетектеген.
Т. Жаанбаев Россиянын атактуу атомдук муз жаргыч “Сибирь”, “Россия” кемелерин курууга катышканын сыймыктануу менен эскерет. Ал блокаданы 8-10 жаштарында башынан өткөргөн жумушчулар менен иштешкен. Алар ал күндөрдү эскерүүдөн жүрөктөрү “канап” айтып беришчү.
1984-жылы алар Ленинград блокадасынын катышуучусу, Ленинграддын 84 жаштагы тургуну менен жолугушуу уюштурушуп, ал өзүнө таандык буюмдарды аскердик-патриоттук клубга тапшырган. А күндөлүктү Т. Жаанбаевге берген.
Т. Жаанбаев таберик-күндөлүктү Нарын шаарындагы К. Мамбеталиева атындагы мамлекеттик тарыхый-этнографиялык музейге тапшырууну чечкен.
Аталган экспонаттын Нарын облусунун музейинде орун алышы символикалуу, анткени ал Кыргызстан жана Ленинград шаары көптөгөн жылдар ичи саясий-экономикалык тыгыз байланышта жана достук мамиледе болуп бири-бирине колдоо көрсөтүп келгени маалым. Ошондой эле бул экспонат жаштарга аскердик-атуулдук тарбия берүүдө өзүнүн оң таасирин тийгизмекчи.
Күндөлүк окуучунун кол жазмасы менен жазылган. Күндөлүктүн ээси-өспүрүм. Алгачкы жазуулар 1942-жылдын 16-апрелине таандык. Душмандын курчоосунда калган ленинграддыктардын арасындагы жаш өспүрүм күндөлүгүнө ал апаатты сүрөттөө менен сууктун, ачкачылыктын да азабын тарткан, отун сууга, кесим нага зар болгон, бир илим майды самаган өспүрүм блокададан бошонгон шаар турмушун көз алдыга тарткан. Күндөлүктүн тексти менен сүрөттөрдөн таанышууга болот.