Акыйкатчынын кайрылуусунан кийин 631 соттолгондор паспорт алышты
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандарды документтештирүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылды.
Акыйкатчы Институту ар дайым Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) мекемелеринде жазасын өтөп жаткан жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүп келет.
Институттун кызматкерлери барган учурда, соттолгондор тарабынан паспорт алууга жардам берүүсүн суранып кайрылгандар арбын болгон.
Ошонун негизинде, Акыйкатчы Институнунун кызматкерлери 2024-жылдын январь айынан тарта изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү жабык мекемелерде жазасын өтөп жаткан 742 соттолгон жарандын паспорту жок экенин аныктаган.
Акыйкатчы соттолгондорду кайра социалдаштыруу жана социалдык жактан көнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
“Эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан адамдарды зарыл документтер менен толук камсыз кылуу керек. Аларды паспорт менен камсыз кылуу социалдык жөлөк пулдарды төлөп берүүдө, никеге туруу жана пенсиялык камсыз кылуу, ошондой эле камак жайынан бошонуп чыккандай кийинки убакытта ар кандай социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана жумушка орношуу маселелеринде чоң өбөлгө түзөт”, - деп билдирди Акыйкатчы.
Акыйкатчы өз мандатына ылайык, соттолгондорго документ алып берүүнү тездетүү маселесин козгоп, ЖАК, Калкты каттоо департаментине (ККД) жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына расмий каттарды жиберген.
Мындан тышкары, ЖАК төрагасынын атына соттолгондорду паспорттоштуруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө Көңүл буруу актысы жолдонгон.
Натыйжада, Акыйкатчы Институтунун кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен 2024-жылдын ичинде ЖАК мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 631 соттолгон паспорт алышты.
Ошону менен катары эле, Степное айылындагы №2 аялдар абак жайында жазасын өтөп жаткан 46 жаштагы өзбек жараны кызына паспорт алууга көмөктөшүүнү суранып Акыйкатчыга кат жолдогон.
Ал Панфилов районундагы жатак-мектебинде тарбияланып жаткан 2007-жылы туулган кызына паспорт алууда кыйынчылыктар туулуп жатканын билдирген.
Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери анын кызына документ алууга көмөк көрсөтүп, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарандыкка кабыл алуу үчүн документтерин тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырып беришти.
Учурда, жарандыкка кабыл алуу тууралуу документтер Президентке караштуу жарандык маселелери боюнча комиссиянын кароосунда.
Акыйкатчы мамлекеттик органдарды Адам укугунун жалпы декларациясына жана улуттук мыйзам ченемдерине ылайык алардын укуктарын камсыздап, документтештирүүдө тиешелүү мамлекеттик органдарды көмөктөшүүгө чакырат.