Акыйкатчы Токон Мамытов: “Мурда мындай мыйзам бузуулар үчүн күнөөлү адамдар ээлеген кызматынан бошотулуп, пенсиясыз калчу жана сот укук коргоо органдарына кайрадан кызматка алынчу эмес”
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) наамына камакка алынган А.С. таламында анын жактоочусу А.Токтосунов арыз менен кайрылган. Тактап айтканда, арыз ээси Свердлов райондук сотунун судьясы Ж.С.нын 03-003-2019-00XXX кылмыш ишин кароодогу иш-аракеттерине нааразы болду. А.Токтосуновдун айтымында, анын кардары сот актысы жок 9 күн камакта болгон.
Берилген материалдарды иликтөөдө аныкталгандай, КР Акыйкатчы Аппаратынын өкүлдөрү 2020-жылдын 24-ноябрында кармалган А.С. соттук териштирүү учурунда аны камакта кармоо түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык, мындай баш коргоо чарасы эки ай сайын узартылып турушу керек, ал эми 2021-жылдын 24-январында А.С. камакта болуу мөөнөтү бүткөн. Бирок, 2021-жылдын 24-январынан 2-февралына чейин ал Бишкектеги №1 ТИЗОдо болгон. 2021-жылдын 2-февралында өткөн сот отурумунда, жактоочу А.Токтосунов 9 күндөн бери мыйзамсыз кармалып тургандыктан, А.С.ны тезинен бошотуу жөнүндө өтүнүч келтирген, бирок Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Ж.С. бул өтүнүчтү четке кагып, кармалган А.С.га карата бөгөт коюу чарасын ушул жылдын 3-февралынан тартып дагы эки айга узартып койгон.
Бул арыз боюнча КР Акыйкатчы аппараты тарабынан тиешелүү кайрылуу КР Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөн эле, ага Башкы прокуратуранын башкармалык башчысы К.Токтакуновдун колу коюлган жооп алында. Жоопто жазылгандай, А.С.тин бөгөт коюу чарасын узартууда Свердлов райондук сотунун судьясы Ж.С. тарабынан КР Жазык-процесстик кодексинин талаптары бузулганы аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгында, КР Судьялар кеңешинин тартип комиссиясына сунуштама-прокурордук таасир этүү актысы киргизилген, судьяга карата тартипке чакыруу чарасын көрүү сунушталган.
Свердлов районунун прокуратурасынын прокурордун жардамчысы У.Тагаевдин кетирген катачылыгы Бишкек шаардык прокуратурасынын ыкчам кеңешмесинде каралган, анын натыйжасында мамлекеттик айыптоону колдоодо КР Жазык-процесстик кодексинин талаптарын так аткаруунун зарылдыгы катуу көрсөтүлгөн.
КР Акыйкатчысынын пикиринде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп бериши керек, анткени ченемдик укуктук актыларга жана эл аралык документтерге ылайык, адамды соттун актысы жок камакта кармоо адам укуктарын одоно бузгандык болуп саналат. “Мурда мындай мыйзам бузуулар үчүн күнөөлү адамдар ээлеген кызматынан бошотулуп, пенсиясыз калчу жана сот укук коргоо органдарына кайрадан кызматка алынчу эмес”. –деп белгиледи Токон Мамытов.
Бул маселе акыр аягына чыкканга чейин КРнын Акыйкатчы Аппаратынын көзөмөлүндө болот.