Акыйкатчы майыптыгы бар соттолгон жарандардын укуктары тууралуу маселени көтөрдү

03/07/2023 - 16:08

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйынында майыптыгы бар соттолгон жарандардын укуктары, эркиндиктен ажыратуу жайларында майыптык макамын алуу жана аны документтештирүү маселесин көтөрдү.

Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту 2020-жылы эле КРда медициналык-социалдык экспертизалоо жана текшерүү жүргүзүү жөнүндө, анын ичинде эркиндиктен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан тараптардын арасындагы жарандардын майыптыгын таануу боюнча сунушту бергенин айтты.

КРнын Президентинин Администрациясынын тапшырмасы менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп жана ал топ токтом долбоорунун макулдашылган вариантын КРнын Министрлер кабинетине алып кире электигин, анын натыйжасында  соттолгондордун медициналык-социалдык экспертизадан өтүү  укуктары ишке аша элек экенин Джамиля Джаманбаева баса белгиледи.

Эркиндигинен ажыратылган жана жаза өтөө жайларындагы (2020-жылы жаза өтөө жайларынын жабык мекемелерине мониторинг жүргүзүлгөн) майыптыгы бар соттолгон жарандардын кайрылуусунун жыйынтыгы менен КРнын Министрлер кабинетине төмөнкүлөр тапшырылган:

-КРда медициналык-социалдык экспертизадан өтүү жана текшерүү, документ топтоонун тартиби жөнүндө, анын ичинде эркиндигинен ажыратылган жайларда жаза өтөп жаткан жаранды майыптыгы бар деп таануу үчүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу.

Бирок мындай сунуштар ушул күнгө чейин аткарылган эмес. 

Джамиля Джаманбаева коррупциялык тобокелдиктерди алдына алыш үчүн эркинен ажыратуу жайларында Медициналык-социалдык экспертиза боюнча республикалык борбордун экспертиза жүргүзүүсүнөн баш тартпоо керектигин, анын ордуна аны жүргүзүүнүн тартиби менен сапатына дагы тыкыр кароо керектигин баса белгиледи. Ошондой эле абак жайларында узак же болбосо өмүр бою жаза мөөнөтүн өтөй турган адамдардын саны жетишээрлик көп экенин эске алуу керек. Алардын бошотулганын күтүп отуруу майыптыгы бар жарандарга каралган кепилдиктерди колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.

Акыйкатчы Кыргыз Республикасынын майыптыгы барлардын укуктары жөнүндө конвенцияга кошулуусу эл аралык келишимдин жоболорун улуттук мыйзамдарда аткарылышы боюнча чараларды кабыл алуу милдетине алып келерин белгиледи.

Азыркы учурда Медициналык-социалдык экспертиза боюнча республикалык борбордун КРнын Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын түзөтүүчү мекемелеринде кармалган жарандарды экспертиза кылбаганы адам жана жарандын укуктарын одоно бузууга алып келет.

Жогоруда аталган норманы алып салуу соттолгондордун укуктарын калыбына келтирүүгө негиз болуп бермекчи.

Жыйындын соңунда КРнын Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдиль Байсалов аталган маселе боюнча профилдик мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.