Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Тогуз-Торо районунда мониторинг жүргүзүштү

09/08/2019 - 15:50

2019-жылдын  5-7-август күндөрү Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү Тогуз-Торо райондук прокуратурасы менен биргеликте райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына жана жашы жетпеген балдардын укуктарынын сакталышы боюнча жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын жүргүзүп жаткан иштерине комплекстүү мониторинг жүргүздү.

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдардын иши боюнча комиссиясы 2019-жылдын 1-январындагы  №4-б буйругу менен түзүлгөн. Комиссиянын төрайымы болуп райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Г.Султангазиева, катчысы Т.Карагулова дайындалган. Комиссия  тарабынан 2018-жылда 12 жолу, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында 1 жолу отурум (кеӊешме) өткөрүлүп, 3 иш каралган. Негизинен комиссия райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмчөсүнөн жана ИИБнүн жашы жетелектердин иши боюнча инспекциясынан түшкөн материалдарды кароо менен чектелген. Жылдык иш пландары, каттоо журналдары бар. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында райондун аймагында жаш өспүрүмдөр арасында өзүн-өзү өлтүрүү жана сууга чөгүп каза болгон, эрте никеге туруу, кыз ала качуу фактылары боюнча катталган эмес.

Тогуз-Торо районунда жалпы 5447 түтүн эл жашайт. 18 жашка чейинки балдар 9710. Мектеп жашындагы балдар 4891, бала бакчада 879. Бала бакчага барбаган балдар 2269. Камкордукта турган балдардын саны 59. Көзөмөлчүлүктө турган балдардын саны 50. Тышкы мигранттардын балдарынын саны 112. Ички мигранттардын балдарынын саны 290. Асырап алынган балдардын саны 1. Жарым жетим балдардын саны 326. ЖЖӨИИ нын каттоосунда турган балдардын саны 8.   райондо 13 балдар бакчасы, 14 орто мектеп, 1 кесиптик лицей иштейт.

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын                          28.12.2018-жылдагы №279-б буйругу менен иш-мерчемдер түзүлүп, балдарга карата ырайымсыз мамилелерди жана зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери, райондогу жалпы билим берүүчү орто мектептердин социалдык педагогдору жана айыл аймактардын социалдык кызматкерлери, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте райондун аймагындагы 5 айылдык аймагынын айыл өкмөттөрүндөгү 13 айылында мектептерде 7-11 класстарынын окуучуларына КРнын балдар жөнүндө кодексинде көрсөтүлгөн балдардын укук-милдеттери жөнүндө өзүнчө чогулуш жана ошондой эле окуучулардын ата-энелерине КРнын үй-бүлө жөнүндө кодексинде көрсөтүлгөн балдардын укуктары жана балдарды тарбиялоодо ата-эненин милдеттери, жоопкерчиликтери боюнча балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча чогулуштар өткөрүлгөн. Бардык айыл өкмөттөрдүн жалпы билим берүү орто мектептердин имараттарында балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча дубал газета, анонимдик почталар, ишеним телефону уюштурулган.

Тогуз-Торо райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы

Тогуз-Торо районунда ата-энесинин багуусунан ажыраган жетим балдардын саны 20. Өткөн жыл менен салыштырмалуу 3 балага аз. Себеби, 18 жашка чыккандыгына байланыштуу 3 бала каттоодон чыгарылган.

Жыл башында айрым жарандардын өздүгүн тастыктаган документ, балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышпай жүргөн 3 бала катталып, анын ичинен 1 балага күбөлүк алынып берилип, өткөн жыл менен салыштырмалуу 6га азайган, калган 2 адамга юридикалык кеӊештер жана керектүү документтерди алууга көмөктөр көрсөтүлүп жардам берилген.

2019-жылдын 6 айына карата камкордукка жана көзөмөлдүккө алынган бала жок. Тышкы мигранттардын балдарынын саны 112, 2018-жылга салыштырмалуу 75 балага көбөйгөн. Ички мигранттардын балдарынын саны 390. Ар бир үй-бүлөлүк абалын сурамжылоо өткөрүүнүн натыйжасында ички мигрантардын балдарынын саны өткөн жылдагыга салыштырмалуу 100 балага көбөйгөндүгү аныкталган.

Турмуштук оор кырдаалда турган жаш балдардын укуктары жана балдарды тарбиялоодо ата-эненин милдеттери, жоопкерчиликтери боюнча 1 үй-бүлөгө (ҮБЖКП) жана 2 балага (БЖИП) жеке план түзүлгөн.

Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери райондогу жалпы билим берүүчү орто мектептердин социалдык педагогдор жана айыл аймактардын социалдык кызматкерлери, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте райондогу эмгек акы табуу үчүн кеткен тышкы, ички мигранттардын балдарын табуу максатында айыл аймактардагы үйлөрдү үймө- үй кыдыруу жүргүзүлүп, табылган балдарга сурамжылоо анкеталары толтурулган. Жалпы 402 мигранттын балдары аныкталган. Анын ичинен 112 тышкы мигрант, 290 ички мигранттын балдары. Мигранттын балдарынын арасынан зордук-зомбулук көргөн балдар боюнча фактылар аныкталган эмес. Балдарга карата ырайымсыз мамилелерди жана зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында “Балдарга аяр мамиле кылалы” деген темада массалык маалымат каражаттарына профилактикалык маалыматтар берилген.

РИИБнүн жашы жетпегендер менен иштөө инспекциясы тарабынан 09.03.2019-жылы Казарман айылынын Демилге участогунун А.Жусупбеков көч №26 үйүнүн жашоочусу жашы жете элек бала 07.01.2005-жылы туулган Ч.Ч. кармалып балага КРнын КЖКнин 200-ст, 2-б, 3-п боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыш иши аяктаган соӊ райондук соттун кароосуна жөнөтүлгөн баланын укуктарын коргоо максатында үй-бүлө менен иштөө планы түзүлүп, райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар менен иштөө комиссиянын протоколдук чечими менен бекитилген. Ч.Ч. Тогуз-Торо райондук соту тарабынан акталып кылмыш жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, жазык иши кыскартылган. 2019-жылдын 6 айына карата 8 бала профилактикалык каттоодо турат. Өз жанын өзү кыюуга  барган жана аракет кылган балдар катталган эмес.  

РИИБнүн УКЖ боюнча: Текшерүү учурунда ИИБнүн убактылуу кармоочу жайында убактылуу кармалгандар жок экендигине күбө болдук. УКЖ 12 орунга ылайыкташтырылган. Матрастардын эскилиги жетип учурда алмаштырууну талап кылат.

Ошондой эле Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Атай, Каргалык, Көк-Ирим, Кара-Суу, Тогуз-Торо айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулуп жеринде Омбудсмендин укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча маалымат берилип, жер-жерлерде элге Омбудсмен жөнүндө жана “115” түз байланыш кызматы боюнча маалыматты жеткирүү жагы сунушталды жана буклеттер таратылды.