Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Стамбул протоколун колдонуу боюнча окуудан өтүштү
КРнын Акыйкатчы Институтунун (Омбудсмени) кызматкерлери 15-16-май күндөрү “Стамбул протоколу: кыйноолордун далилдерин документтештирүү стандарттары” темасында эки күндүк практикалык тренингге катышты.
Иш-чараны КРнын Акыйкатчы Институту менен кызматташтыкта ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсеси уюштурду.
Тренингдин максаты – Стамбул протоколунун негизги принциптерин түшүндүрүү, кыйноолорду жана катаал мамилени документтештирүүнүн эл аралык стандарттарын жайылтуу жана Кыргызстандын адистеринин практикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү болду.
Иш-чаранын ачылышында КРнын Акыйкатчысынын орун басары Жанибек Жоробаев жана ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин бөлүмүнүн башчысы Кристофер Блэр катышуучуларга кайрылуу жасап, тренингдин маанисине токтолушту.
Жоробаев өз сөзүндө кармалгандарга карата жасалып жаткан катаал мамилелерди жоюу боюнча аракеттер дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жатканын билдирди.
“Кыйноолор жана катаал мамиле дүйнө жүзүндө маанилүү көйгөй бойдон калууда. Андай учурларды натыйжалуу документтештирүү жана иликтөө – бул техникалык гана милдет эмес. Бул деген жабырлануучулар, коом жана укук алдындагы этикалык жоопкерчилик экенин билишибиз зарыл. Стамбул протоколу – эл аралык деңгээлде таанылган ыкма, ал укук коргоочуларды, дарыгерлерди, тергөө органдарын жана юристтерди бир максатта бириктирет”, - деди Жоробаев.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү темалар боюнча билим алышты:
Стамбул протоколунун этикалык принциптери жана дүйнөлүк тажрыйбалар.
Кыргызстандын аймагында колдонуу тажрыйбасы.
Дене жаракаттарын сүрөттөө жана далилдерди чогултуу ыкмалары.
Кыйноонун физикалык жана психологиялык далилдери.
Соттук-медициналык жана соттук-психиатриялык экспертизалар.
Мыйзамдуу формаларды (003-3/у, 003-4/у, 003-5/у) колдонуу аркылуу документтештирүү.
Тренингдин соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.