Акыйкатчы институтунун кызматкерлери гемодиализ борборлоруна мониторинг жүргүзүштү

25/05/2023 - 10:20

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун жумушчу тобу 10-21-май аралыгында Бишкек, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы гемодиализ борборлоруна мониторинг жүргүздү.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда бюджеттик программалык гемодиализ кызматын көрсөткөн 39 медициналык гемодиализ борбору бар. Атайын түзүлгөн жумушчу топ 25 медициналык борбордо болду.

Алар төмөнкүлөр:

Чүй облусу – 3,

Бишкек - 9,

Ош облусу – 7,

Жалал-Абад облусу — 4

Баткен облусу – 2.

Мындай мониторинг Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында дагы улантылат.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматына караганда Кыргызстанда мамлекеттик гемодиализ кызматын тез арада алууга муктаж болгон бейтаптардын тизмеси жыл сайын өсүп жатат, 2022-жылдын октябрында 5-даражадагы бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги менен 2 202 бейтап катталган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 369 бейтапка көп.

Учурда 2 686дан ашык бейтап гемодиализ алат, анын 2388и аталган фонд тарабынан каржыланат.

Институттун кызматкерлери гемодиализ борборлорунда тармактык стандарттардын, медициналык процедуралардын коопсуздугу боюнча инфекциялык көзөмөл стандарттарынын, гемодиализ боюнча клиникалык көрсөтмөлөрдүн жана протоколдордун сунуштамаларынын сакталышын, гемодиализ борборлорунун медициналык кызматкерлеринин эмгек укуктарынын, лицензиялык документтердин сакталышын көзөмөлдөп, аны жүргүзүүдөгү мыйзамдык тоскоолдуктарды изилдеп чыгышты.

Мониторинг укуктун 3 аспектисин камтыйт:

Кызмат алуучулардын (бейтаптардын) укуктары.

Гемодиализ борборлорунун медициналык кызматкерлеринин эмгек укуктары.

Мамлекеттин каржылоосу аркылуу бейтаптарга кызмат көрсөткөн ишкерлердин укуктары.

Мониторинг Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасы (ПРООН) колдоосу менен «Бизнес жана адам укуктары» долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Гемодиализ борборлорунун ишмердүүлүгүн талап кылынган стандарттардын сакталышын көзөмөлдөө үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү.

Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери кирди:

Жарандардын социалдык, экономикалык жана маданий укуктарын коргоо башкармалыгынын башчысы Салтанат Касымбекова,

Аталган бөлүмдүн инспектору Гүлзада Талантбекова,

кызматты стандартташтыруу боюнча көз карандысыз эксперттер,

Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтунун инфекциялык контролдоо боюнча адистери, пациенттердин коомчулугунун жана Гемодиализ борборлорунун ассоциациясынын өкүлдөрү.

Жогорудагы айтылган мониторинг тобу жана Кыргыз Республикасындагы гемодиализ борборлорунун ассоциациясы кызматташуу жана күч-аракеттерди бириктирүү аркылуу гемодиализ кызматтарынын сапатын жогорулатуу үчүн өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү макулдашышты. Ошондой эле жумушчу топтун иш-чараларына гемодиализ борборлорунун жетекчилерин биргелешип катышуу сунушу айтылды.

Гемодиализ борборлоруна жеринде барганда бир катар көйгөйлөр чечилип, бир катар көйгөйлөр да аныкталды – колдонуудагы мыйзамдар, стандарттар, клиникалык сунуштар жана башка камсыз кылуу боюнча маалыматтын жетишсиздиги.

Анын жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчет даярдалып, саламаттыкты сактоо системасынын тиешелүү бөлүмдөрүнө сунуштар берилет, ошондой эле сунуштардын аткарылышына парламенттик көзөмөл жүргүзүлөт.